Далбаев, Сатыбалды: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Tynchtyk Chorotegin moved page Далбаев Сатыбалды to Далбаев, Сатыбалды: үтүр |
мNo edit summary |

25-сап:

'''Сатыбалды Далбаев''' (1934-жылы туулган) – кыргыздын даңазалуу [[театр]] жана [[кино]] [[артист]]и.

==Кыскача өмүр баяны жана чыгармачылыгы==
Сатыбалды Далбаев 1934-жылы [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] азыркы Жалал-Абат облусуна караштуу Арстанбапта туулган.
Ал орто мектепти аяктагандан кийин 1952-жылы Москва шаарындагы мамлекеттик театр өнөрү институтуна (ГИТИС) кирет.

Студенттик мезгилден тартып эле Сатыбалды Далбаев чыгармачылык дареметинин күчтүү экенин айгинелеп, курсташтарынын ичинен дароо алдыңкы катарга суурулуп чыгып, ГИТИСте окуган кыргыз студиясы койгон дипломдук спектаклдерде башкы ролдорду ийгиликтүү ойноп келген.

Сатыбалды Далбаев Москвадагы Луначарский атындагы мамлекеттик жогорку театралдык институттан 5 жыл билим алып, профессор Михаил Петрович Чистьяков сыяктуу советтик театр чөйрөсүнөгү мыкты окутуучулардан таалим-тарбия алган.
Аталган институтту 1957-жылы аяктап келип, курсташтары [[Өмүралиев, Асанбек|Асанбек(Арсен) Өмүралиев]], [[Шалтаев, Болот|Болот Шалтаев]], Зоя Молдобаева, Жанузак Молдобаев ж.б. менен чогуу [[Кыргызстан]]дын борбору [[Бишкек|Фрунзе]] шаарындагы [[Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры|Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына]] артист болуп кабыл алынат.

Ошол кезден ушул убакка чейин ушул театрда үзүрлүү эмгектенип келе жатат.

==Тетар өнөрүнө салымдары==
Театрда эмгектенген жарым кылымдан ашуун мезгилдин ичинде С.Далбаев дүйнөлүк жана кыргыз драматургиясы боюнча коюлган ондогон спектаклдерде башкы жана борбордук ролдорду ийгиликтүү ойноп, кыргыз көрүүчүлөрүнө аттын кашкасындай таанылган.

С.Далбаевдин ысымы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын [[Кыдыкеева, Бакен|Бакен Кыдыкеева]], [[Муратбек Рыскулов]], [[Күйүкова, Даркүл|Даркүл Күйүкова]], [[Жаманов, Сыдыкбек|Сыдыкбек Жаманов]], [[Кытаев Насыр|Насыр Кытаев]] ж.б. у. сыяктуу, алгачкы карылгачтарынан кийинки муундан чыккан атактуу артисттери [[Жумадылов, Советбек|Советбек Жумадылов]], [[Кыдырназаров Асанбек|Асанбек Кыдырназаров]], Асанбек Өмүралиев, [[Дулатова, Гүлшара|Гүлшара Дулатова]], [[Молдобаева Зоя|Зоя Молдобаева]], [[Сейдакматова, Жамал|Жамал Сейдакматова]], Болот Шалтаевдердин катарында турат.

С.Далбаевдин актердук табиятын театр иликтөөчү А.Жунушов минтип мүнөздөгөн: “Сатыбалды Далбаевди башка актерлордон айырмалап турган бирден-бир сапат анын интеллектуалдык ажары, ийкемдүү, элпек мүнөзү болуп эсептелет. Актердун кубакай жүзү, мүнөзүнө чечкиндүүлүк берген жазы маңдайы, ишенчээк мээримдүү көзү, анын сахнада ойной турган каармандарын күн мурунутан эле белгилүү кылып тургандай таасир калтырат”.

С.Далбаевдин ар бир ойногон ролу нукура реалисттик манерада ишке ашкан. Эмоциялары театралдуу эмес, кудум турмуштагыдай. Ошон үчүн С.Далбаевдин түзгөн образдары көрүүчүнү толук бойдон ынандырат. Бул анан актердук табиятынын өзгөчөлүгү.

==Сыйлыктары. Наамдары==
«Манас» ордени, «Даңк» медалы менен сыйланган.
«КР эл артисти» наамына, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка арзыган.
Кыргыз мамлекети С.Далбаевдин кыргыз улуттук сахна өнөрүнө сиңирген эмгегин жогору баалап ага башка да республиканын жогорку наамдарын ыйгарган жана орден, медалдар менен сыйлаган.
Азыр Сатыбалды Далбаевдин ысымын орто мектеп алып жүрөт.

==Үй-бүлөсү==
Өмүрлүк жубайы Мираида Далбаеваны (939-жылы туулган) дагы театрдан жолуктурган.
Экөө 1958-жылы 5-январда үйлөнүп, 20-январда үйлөнүү үлпөтүн өткөрөт.
Кыргыз Республикасынын эл артисти Мираида Далбаева кыргыз драма театрынын сахнасында А.П.Чеховдун «Алчалуу бак» пьесасында Раневскаяны, Ш. Садыбакасовдун «Ак боз ат» драмасында Эркайымды, Чыңгыз Айтматовдун “Жамиласында” Жамиланы, Аалы Токомбаевдин “Өлбөстүн үрөөнү” трагедиясында Айганышты, Островскийдин Добулунда Катеринаны, Шекспирдин "Король Лиринде" Регананы ойноп, Жалил Садыковдун "Манас" эпосу боюнча үчилтигинде Каныкей, Чачыкей баш болгон ондогон кайталангыс образдарды жаратты.
Балдары, небере-чөбөрөлөрү бар.

==Театрда ойногон негизги ролдору==
* Незнамов(А.Н.Островский, “Күнөөсүз күнөөлүлөр”)

* Лао-Си (Дже-Дзинь-Джи, Динь-Ни, “Ак чач кыз”)

* Темир ([[Жантөшев, Касымалы|К.Жантөшев]], “Каныбек”)

* Мичман (Б.Лавренов, “Кыйроо”)

* Чун-Эр (Цао-Юй, “Тайфун”)

* Бектемир, Ленин ([[Маликов Кубанычбек Иманалиевич|К.Маликов]], “Бийик жерде”)

* Кычан ([[Бейшеналиев Шүкүрбек|Ш. Бейшеналиев]], “Кычан”)

* Акмат ([[Көбөгөнов Абдыашым|А.Көбөгөнов]], “Карагай булак”)

* Cелим (В.Эйранов, А.Левинский, “Кара алмаз”)

* Акылбек ([[Куттубаев, Аманкул|А. Куттубаев]], К. Маликов, “Жаңыл-Мырза”)

* Жылдыз (А.Мирзагитов, “Бечера энемдин ак чачы”)

* Арман (А.Тажибаев, “Жалгыз дарак токой болбойт”)

* Алагуш (К.Маликов, “Бир көчөнүн кыздары”)

* Жакыпбек ([[Өмүралиев Бакы|Б.Өмүралиев]], “Ата сөзү – ар-намыс”)

* Cейит (Ч.Айтматов, “Жамийла”)

* Маке, Теңдик ([[Байжиев Мар Ташимович|М. Байжиев]], “Балдар бойго жеткенде”)

* Володя Ульянов (И.Попов, “Үй-бүлө”)

* Миңжашар ([[Жакиев Бексултан|Б. Жакиев]], “Алтын аяк”)

* Качыке ([[Токомбаев, Аалы|А.Токомбаев]], “Өлбөстүн үрөнү”)

* Чир (К.Тренев, “Любовь Яровая”)

* Кырбаш (А.Дыйканбаев, “Мүрөктүн суусу”)

* Лоренцо ([[У.Шекспир]], “Ромео менен Жульетта”)

* Немец коменданты (А.Макаенок, “Трибунал”)

* Эйдзи (М.Каору, “Уурдалган өмүр”)

* Аскар (Т.Абдумомунов, “Бюро жүрүп жатат”)

* Аскар Тазабеков ([[Турсунов Эрнис|Э.Турсунов]], “Замандаш”)

* Чоро (Ч.Айтматов, “Жаныбарым, Гүлсары”)

* Жакып ([[Садыков Жалил|Ж.Садыков]], “[[Манас]]тын уулу [[Семетей]]”)

* Сагадеев (А.Абдуллин, “Он үчүнчү башкарма”)

* Казьмин (В.Дозорцев, “Акыркы кирген адам”)

* Казангап (Ч.Айтматов, “Кылым карыткан күн”)

* Карыя (Б.Жакиев, “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай”)

* Фотограф, Доктор (Н.Хихмет, “Унутулган адам”)
ж.б.

==Тартылган кинолору==
“Алыскы тоолордо”

==Колдонулган адабият==
*Кыргыз Совет энциклопедиясы. Фрунзе, 1977-жыл, 2-том.

Line 83 ⟶ 120:
==Интернет шилтемелер==
* http://www.azattyk.mobi/a/kyrgyzstan_culture_theater_dalbaev_jan14/25223939.html

* http://maalymat.kg/index.php/kg/janylyktar1/madaniyat/item/3327-vitse-spiker-b-d-sh-mamyrova-kr-el-artistteri-satybaldy-dalbaev-menen-miraida-dalbaevanyn-maareke-ish-charasyna-katyshty

* http://www.kino-teatr.ru/teatr/acter/m/post/379429/bio/

[[Категория:
[[Категория:
[[Категория:
[[Категория:
[[Категория:
[[Категория:
[[Категория:
[[Категория:
[[Категория:
[[Категория:
[[Категория:
[[Категория:Кыргыз таануу]]
[[Категория:1934-жыл]]
[[Категория:20-кылым]]
[[Категория:21-кылым]]