Далайнор: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Далайнор''' (моңгол далай – ыйык, нор – көл, деңиз; кытайча – Хулуньчи) – Кытайдын түндүк-чыгыш..."
(Айырма жок)

27 февраль 2015, саат 03:31 учурдагы нуска

Далайнор (моңгол далай – ыйык, нор – көл, деңиз; кытайча – Хулуньчи) – Кытайдын түндүк-чыгышындагы көл. Барга бөксө тоосунда. Аянты (толгон кезде) 1100 км2дей. Тереңдиги 6–9 м (суунун өлчөмүнө жараша жыл сайын өзгөрүп турат). Кер-Өлөң жана Орчунгол суулары куят, көл толгон мезгилде андан агып чыккан суу Аргунга кошулат. Жээги жапыз, айрым жери саздуу, чыгыш жээгинде кумдуу жерлер бар.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргызстан: энциклопедия