Жон Дальтон: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Дальтон (Долтон) Жон''' (6.9.1766, Улуу Британия, Иглсфилд – 27.7.1844, Манчестер) – англиялык химик жа..."
(Айырма жок)

27 февраль 2015, саат 05:12 учурдагы нуска

Дальтон (Долтон) Жон (6.9.1766, Улуу Британия, Иглсфилд – 27.7.1844, Манчестер) – англиялык химик жана физик, Лондон Король коомунун мүчөсү (1822). Париж ИAнын (1830), чет өлкөлүк ардактуу мүчөсү, Кендалда жана Манчестерде математикадан сабак берген. Манчестердеги адабий-философиялык коомдун мүчөсү (1794), секретары (1800) жана төрагасы (1817) болгон. Эселик катыш законун ачкан (1803); «атомдук салмак» түшүнүгүн киргизип, биринчи болуп бир нече элементтердин атомдук салмагын (массасын) аныктаган. Газ закондорун ачып (1801 жана 1803), кийин алар Дальтондун атынан аталган. Көрүү кемтигин алгач баяндаган (1794; өзү ооруган), кийинчерээк ал дальтонизм деп аталган.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргызстан: энциклопедия