Оккам, Уильям: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
14-сап:
Терминдин белгилик функциясы Оккам коргогон суппозициялык теория деп аталган теория менен тыкыс байланыштуу. Суппозиция ар түрдүү формаларда көрүнүшү мүмкүн. Биринчи форма-материалдык суппозиция, мында термин белгилүү бир сөздү билгизет. Экинчи форма — бул персоналдык суппозиция, мында термин тигил же бул жалпылыкты билгизет.<br />
== Номинализмдин карама-каршылыгы ==
[[File:Guillelmus - Quaestiones in quattuor libros sententiarum - 4417303 Carta 25r.tif|thumb|''Quaestiones in quattuor libros sententiarum'']]
Оккам — ашкере номинализмдин өкүлү. Анын номинализми карама-каршы мүнөзгө ээ болгон. Бир жагынан, ал жекеликтин обьективдүүлүгүн ырастаган, бул схоластикалык реализмге, башкача айткандадиний окуунун доктринасына каршы багытталган. Экинчи жагынан, оккамдык номинализм бир катар гносеологиялык проблемаларды чечүүдө субьективдүү мамиле жасоо тенденциясын өзүндө камтып турган, анткени, белгилик системалардын субьективдүүлүгүн, башкача айткандасөздөр билимдердин предмети деп ырастап, муну менен нерселердин мамилелеринин обьективдүү жашап турушун четке каккан.<br />
Оккам ошол кезде жашап турган бардык негизги схоластикалык багыттарга каршы чыккан, бул болсо жаңы философиянын өнүгүшүнө жол тазалаган. Буга ошондой эле зарылдыгы жок маңызды көбөйтүү керек эмес дегенди билдирген кеңири белгилүү «Оккамдын устарасы» да жардам берген. Оккамдын бул принциби ар түрдүү жалпылоолордун өтө эле кеңири таралышына каршы, схоластикалык абстрактуу спекуляцияларга каршы багытталган болучу. «Оккамдын устарасы» жаңы табият илиминин эмпирикалык өнүгүшүнө жол тазалаган.<br />
Оккамдын окуусундагы бардык эң прогрессивдүү нерселер көп учурда жасалма түрдө болсо да схоластиканын формасы менен чүмбөттөлүп турган.
 
 
== Колдонулган адабияттар ==