Дан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with " Дан - дан өсүмдүктөрүнүн уругу. Ал- негизги азык, мал үчүн аралаш тоют, өнөр жай сырьёсу. Дандан..."
 
No edit summary
1-сап:
'''Дан''' - дан [[Өсүмдүктөр|өсүмдүктөрүнүн]] [[Урук|уругу]]. Ал- негизги азык, мал үчүн аралаш тоют, өнөр жай сырьёсу. Дандан ун, [[акшак]], [[нан]], макарон жана кондитер азыктары жасалпжасалып, адамдын тамакка болгон керектөөсүн кыйла бөлүгүн канааттандырат. Дан малга жана куштарга сапаттуу тоют катары чоң роль ойнойт. Дан кабыксыз(буудай, кара буудай, жүгөрү) жана кабыктуу ([[арпа]], сулу, таруу, күрүч, сорго ж.б.жана башка) болот. Кабыкча, түйүлдүк жана эндоспермден турат. Кабыкча данды чөйрөнүн зыяндуу таасиринен - механикалык жаракадан жана лаал аркылуу түйүлдүккө уулуу заттардын киришинен сактайт. Дандын эң негизги массасын эндосперм түзөт. Эндосперм крахмал менен белоктордон турат. Андан мыкты ун алынат. Эндоспермдин сырты алейрон кабыкчасы менен капталган. Дандын төмөнкү бөлүгүндө болочок тамыр, сабак өнүп чыгуучу түйүлдүк орун алган. Ал [[белок]], [[май,]], кант, витамин жана ферменттерге бай. Буудай данынныданынын салмагынын 4/5 бөлүгүн же 77-82%ин эндосперм, 6,808,6%ин алейрон катмары, 5,5-8,0%ин кабыкча жана 1,5-3,0%ин түйүлдүк түзөт. Сулунукунда 54-61% эндосперм, 4-6% алейрон катмары, 3-4% түйүлдүк, 2,4% кабыкча болот. Буурчак өсүмдүктөрүндө эндосперм болбойт. Андагы углеводдордун негизги бөлүгүн крахмал түзөт(эндоспермдин салмагынын 85%и). Клетчатка жана гемицеллюлоза клетканын чел кабыгынын курамына кирет. ДандДанда мальтоза, глюкоза жана фруктоза канттары бар. Дандын түсү, жыты, кургактыгы, жаңылыгы, илдет менен зыянкечтен тазалыгы анын абалын билдирет, ал эми биологиялык, физика-химиялык, технологиялык жана керектөө касиеттери менен белгилеринин жыйындысы данды кандай максатта - үрөнгө, азык-түлүккө, тоютка ж.б.жана башка пайдалануу керек экендигин көрсөтөт. Дандын жана андан жасалган азык-түлүктүн сапаты мамлекеттик стандарт боюнча бааланат. Буудай данындагы клейковинанын сапатына, санына жараша нан жана кесме азыктарынын сапаты өзгөрүлөт.
 
==Колдонулган адабияттар==
* Кыргызстан:энциклопедия
* Кыргызстан:Козмина Н. П. Зерно. М., 1969; Суднов П. Е. Повышение качества зерна пшеницы. М., 1978; Ибраимов Н. И. Дан тоют өсүмдүктөрү жана аларды Кыргызстанда өстүрүүнүн алдыңкы ыкмалары. Б., 1995.
 
[[Категория:Биология]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Дан" булагынан алынды