Жалпак тамандуулук: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Undo revision 184800 by 212.241.14.40 (talk)
1-сап:
'''Калың текст'''[[Файл:Flatfeet.jpg|thumb|250px| Жалпак тамандуулуктун үчүнчү деңгээлине чейинки таман издери.]]
'''Жалпак тамандуулук''' (май таман) — бир же эки буттун тең таманынын жалпак болушу. Соо бутта тамандын ички жагы көтөрүлүп кобул пайда кылып, улам сыртына карай кобул жоголуп, жерге тамандын сырты тийип турат. Ал эми Жалпак тамандуулукта тамандын ички кобулу жоголуп, басканда таман толук бойдон жерге тийип калат. Жалпак тамандуулук көбүнчө бала кезде башталып, таманга келген күч булчундардын, байламталардын жана сөөктөрдүн чыдамына ылайык келбегенде болот. Ага баланын денесинин ашыкча салмагы, итий жана башка түрткү берет. Чоң кишилерде Жалпак тамандуулук көпкө чейин тикесинен туруу, оор кара жумуш жасоо, ыңгайсыз бут кийим кийүү, кызыл ашык муундарынын кырсыкка чалдыгышынан жана башка болот. Тубаса Жалпак тамандуулук өтө сейрек кезигет. Кийин пайда болгон Жалпак тамандуулутун себебине жараша бир нече түрү белгилүү.
 
14-сап:
Жалпак тамандуулукту бала кезинде алдын алуу жана дарылоо жеңил. Анын белгилери билинер замат врач-ортопедге кайрылуу керек. Баланын жашына, жалпак тамандуулуктун өсүшүнө жана түрүнө жараша врач атайын гимнастика дайындайт, бала аны үйдө ата-энесинин көзөмөлү менен жасоо керек. Мындай машыгууларды буттун булчуңдарын жана байламталарын чыңдай турган көнүгүүлөр менен айкалыштыруу пайдалуу. Ошондой эле күн сайын бутка жылуу (35—36°) ванна жана массаж (сылап-сыйпоо, укалоо жана сүрткүлөө) сунуш кылынат. Көбүнчө балтыр менен таманды массаждоо керек. Балтырга кызыл ашыктан тизени, таманга манжалардан согончокту көздөй массаж жасалат.
Жалпак тамандуулуктун айрым түрүндө атайын дарылоо батектерин — супинаторлорду колдонот. Оорулуу өз убагында супинаторлордун бийиктигин оңдоо үчүн мезгили менен врачка көрүнүп турууга тийиш. Кээде атайын тигилген ортопедиялык бут кийим кийүүгө туура келет.
 
 
== Колдонулган адабияттар ==