Дели: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Дели''' – Индиянын борбор шаары (1947-жылдан). Жамна дарысынын боюнда, Аравали тоосунун т..."
 
мNo edit summary
1-сап:
[[File:Smog in Dehli edited.jpg|thumb|250px]]
 
'''Дели''' – [[Индия|Индиянын]] борбор шаары (1947-жылдан). Жамна дарысынын боюнда, Аравали тоосунун түндүк-чыгыш тармагында. Дели союздук аймагынын административдик борбору. Аскер кызматчылары жашаган Эски Делиге (же Шахжаханабад, шаардын тарыхый очогу) жана расмий мамлекеттик борбор болуп эсептелген Жаңы Делиге ([[Нью-Дели]]) бөлүнөт. Калкы 11,5 млн (2007). Жолдор тоому, эл аралык аэропорту бар. Түрдүү жеңил, химия, айнек-карапа, тамак-аш, курулуш материалдар, полиграфия, металл иштетүү, машина куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Төрт университет, улуттук жана куурчак музейлери, улуттук заманбап галерея, М. Ганди, Ж. Неру жана башкалардын мемориалдык музейлери иштейт. Алгач Махабхарата эпосунда эскерилет. Байыркы убакта Индрапрастха аталган. 1206-ж. Дели султандыгынын, 1526-жылдан Могол империясынын борбору. 1803-ж. англистер басып алган. 1911–47-жана башкаританиялык Индиянын борбору. Темир колонна (5-кылымдын башы), Кутб Минар минарети (13-кылымдын башы), Кувватул-ислам, Жама Масжид мечиттери, Ыйык Жеймс англикан чиркөөсү (1836), Лотос храмы (1980–86), президент ак сарайы (аянты 132 га), Лал-Кила чеби («Кызыл форт», 17-к.), мавзолей жана башка сакталган. Жантар-Мантар обсерваториясы (1725) иштейт.
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Дели" булагынан алынды