Бронх астмасы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 78 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q35869 (translate me)
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Astma-medication.png|300px|right|thumb|Бронх астмасын дарылачу дары-дармектер.]]
'''Бронх астмасы''' ( байыр.-грек. ἆσθμα — « оор дем алуу, энтигүү») — бронхтордун кысылуусунан, былжыр челинин шишүүсүнөн жана какырык менен бүтөлүп калышынан мезгили менен капысынан дем кыстыктырып кармоочу аллергиялык оору (к. Аллергия).
 
== Бронх асманын пайда болушу ==
 
Аны менен кээ бир химиялык жана физикалык факторлорду — аллергенди сезгич кишилер ооруйт. Бронх астмасы инфекциялуу аллергиялык жана инфекциясыз аллергиялык болуп бөлүнөт. Инфекциялуу аллергиялык түрүн бактериялар, вирустар жана башка микробдор пайда кылат. Ал көп учурда дем алуу органдарынын же мурундун кошумча кобулдарынын өнөкөт ооруларынын негизинде болот.
 
Line 9 ⟶ 8:
== Негизги белгилери ==
 
Бронх астмасынын негизги белгиси дем кыстыгуу. Туталак бир нече минутадан бир нече саатка, ал тургай бир нече суткага чейин созулат. Туталактын жеңил түрү көпчүлүк учурда чуркаганда, же катуу корккондо дем алуу бир аз кыйындап, энтигип, жөтөлүп, эң жөнөкөй дарылоонун натыйжасында бат эле басылып калышы мүмкүн.
 
Ал эми оор түрүндө оорулуу адам бир ордунда тура албай алдастап, денеси ысып, тамыры тез-тез согуп жана дем алуусу ылдамдап, энтигүү күчөйт. Өзгөчө оорулуунун дем чыгаруусу өтө кыйындайт да көкүрөгүнөн кышылдаган, чыйылдаган добуш чыгат. Оорулуу дем алуусун жеңилдетүүгө аракет жасап, оңтойлуу абалды издейт. Ошондуктан башын чалкалатып, моюнун бийик созуп отурууга аракет жасайт. Дем чыгаруу өтө кыйындагандыктан бара-бара көкүрөк көңдөйүнө аба толуп, моюн кан тамырлары көөп, оорулуунун эрини, бети көгөрө баштайт. Туталак аяктаганда дем чыгаруу жеңилдеп, жөтөл басаңдайт. Бирок өпкөнүн жана дем алуу жолдорунун калыбына келиши бир топ убакытка созулат.
 
Туталактын алгачкы белгилери билинери менен тезинен догдур чакыруу керек. Дарылоо жана алдын алууда догдурдун көрсөтмөсү менен бронхтордун кысылуусун жоготуучу таблетка, аэрозоль, инъекция түрүндөгү дары заттар колдонулат. Бөлмөнү желдетип, башына бийик жаздык коюп, төшөгүн орундуу салып, горчичник, оңко коюу зарыл. Колун же бутун жылуу сууга салуу сунуш кылынат. Туталакты алдын алууда аны пайда кылуучу аллергенди табуу жана аны четтетүү негизги максат. Бирок аллергенди аныктоо оңой иш эмес, анткени приступту бир эле аллерген эмес, бир нече аллерген пайда кылышы мүмкүн.
 
== Дарылоо ==
 
Line 23 ⟶ 22:
==Колдонулган адабияттар==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
{{Link FA|ru}}
 
[[Категория:Ден соолук]]