Европа кеңеши: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
1-сап:
'''Европа кеңеши''' – Европа биримдигинин (ЕС) жетекчилигинин жогорку саясий органы. Европа биримдигинин Уставы 1949-ж. түзүлгөн. Совет ЕСтин өнүгүү программасын жана стратегиясын аныктап, маанилүү чечимдерди кабыл алат. Европа биримдигине мамлекет же өкмөт башчылары, ошондой эле Европа комиссиясынын төрагасы кирет. Европа биримдигинин иштерине тышкы иштер министрлери да катышат. ЕСтин органы катары Европа совети расмий түрдө 1986-ж. билдирилген. Европа биримдигин төрагалык кылуучу мамлекеттин башчысы жетектейт (бир мамлекет 6 айлык мөөнөткө төрагалык кылат). Конференциялар, отурумдар, жолугушуулар ошол мамлекеттин аймагында өткөрүлөт. ''Европа парламентинин'' заседаниесинде Европа биримдигинин иш программасын белгилейт. Жалпы эреже боюнча Европа биримдигинин чечимдери консенсус аркылуу кабыл алынат. Европа биримдиги кабыл алган чечимдер – бул саясий директивалар. Алардын негизинде ЕСтин институттары тийиштүү укуктук чечимдерди кабыл алат. Мисалы, бирдиктүү европ. валютаны киргизүү маселеси адегенде Европа биримдигинин отурумдарында кеңири талкууланган. Кабыл алынган чечим жөнүндө маалымат ар бир сессия бүткөндөн кийин коммюнике түрүндө билдирилет.
'''Европа кеңеши''' – ЕБнын башкы органдарынын бири. Е. к-не мүчө-мамлекеттин башчылары, мүчө-мамлекеттин өкмөт башчылары жана Европа Комиссиясынын төрагасы мүчө боло алышат, алардын орун басарлары – тышкы иштер министрлери жана комиссиянын мүчөлөрүнүн бири боло алышат. Е. к. жылына 2 жолудан кем эмес, ошол учурда ЕБнын Кеңешин башкарып турган мүчө-мамлекеттин өкүлүнүн төрагалыгы астында жыйын курат.
== Колдонулган адабияттар ==
“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
* [[Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү]]. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
{{no iwiki}}
[[Категория:Юридикалык аталгылар жана түшүнүктөр ]]