Египет тили: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
1-сап:
'''Египет тили '''– байыркы египеттиктердин тили. Биздин замандын 5-кылымынан сүйлөнбөй калган (өлүү тил). Семит-хамит тил уясына кирет. Байыркы, орто, жаңы жана кийинки Египет тили деп бөлүнөт. Байыркы Египет таануу (биздин заманга чейин 3-миң жылдык) – архаикалык байыркы падышалык жазуу эстеликтеринин тили. Орто Египет тили (биздин заманга чейин 22–16-к.) адабий тилге калыптанып, көркөм чыгармалар жазылган; морфологиялык, синтаксистик, орфографиялык туруктуу формага ээ болгон. Биздин заманга чейин 16–8-кылымды камтыган жаңы Египет тилинде иш кагаздары, расмий документтер, көркөм чыгармалар жазылып, классикалык тил деп аталган да, ошол кездеги өнүккөн тилге айланган: этиштин жакталышы жардамчы этиштер аркылуу берилип, артикль пайда болгон, сөз аягында тыбыштын түшүрүлүп айтылышы фонетикасын кыйла өзгөрткөн. Биздин заманга чейин 8 – биздин замандын 5-кылымынан кийинки Египет тили туура келет. Бул мезгилде тексттер элдик оозеки сөз (речь) аркылуу жазылган. Египет тилиндеги өнүгүүнүн акыркы баскычы – Египеттин христиандашкан эли сүйлөгөн – копт тили. Бул тил биздин замандын 3–4-кылымында пайда болуп, 17-кылымга чейин (араб тили сүрүп чыгарганга чейин) колдонулган. Египет тили толук изилдене элек. Анын фонетикасын изилдөө өтө татаал, анткени үндүү тыбыштар жазууда өзүнчө тамга менен туюнтулбаган.
==Колдонулган адабияттар==
“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Египет_тили" булагынан алынды