Мисир: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
51-сап:
<br/>19-кылымдын биринчи жарымында Египетте мухаббизиттердин – куйкум сөз чеберлеринин өнөрү кеңири тараган. Алар атайын аянттарда, базарларда өнөр көрсөтүп, элдин көңүлүн кушубак кылган. Наполеондун экспедициясы (1798–1801) Египетти Европа маданияты менен тааныштырган. 19-кылымдын 70-жылдары профессионал театр түзүлгөн. 1930-ж. Араб театр институту ачылган. 1930-ж. Араб театр өнөрүн өнүктүрүү боюнча жогорку комитет, 1935-ж. мамлекеттик туңгуч Улуттук труппа, 1944-ж. Араб театр институту түзүлгөн. 1961-ж. Каирде «Аль-Гумхурия» театры ачылган. Мындан тышкары, Улуттук, Комедия, Дүйнөлүк театрлары бар. 1897-жылдан чет элдик режиссёр жана операторлор тарабынан чакан хроника, 1917-жылдан көркөм фильмдер тартыла баштаган. 1935-ж. Каирде «Миср» киностудиясы ачылган. 1930-жылдан белгилүү ырчы, композитор Абд аль-Ваххаб, Умм Кульсум катышкан музыкалык, 40-жылдардан патриоттук көркөм фильмдер тартылган. Египет кино өнөрүнүн жаңы үлгүсү катары Ю. Шахиндин «Жамиля» (1959), «Жер» (1968) «Нилдеги адамдар» (СССР менен бирдикте, 1970), А. Фахминин аткаруусундагы «Мумия» (1971) фильмдерин атаса болот. Мындан тышкары, Хенри Баракат, Мухаммед Хан, Салах Абу Сейф жана Атеф Эль-Тайиб аттуу кинорежиссёрлордун да тасмалары кеңири белгилүү.
==Колдонулган адабияттар==
“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Мисир" булагынан алынды