Жаза: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
1-сап:
'''Жаза''' – кылмыш кылгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган адамга колдонулуучу мамлекеттик мажбурлоо, ошондой эле коомдук мамилелерди коргоонун каражаты. Мурда адат укугу боюнча кыргыздарда өлүм, кун, айып, маскаралоочу жаза, денеге залал келтирүү, айыпкерди жабыр тарткан адамдын же анын туугандарынын колуна берүү, күнөөкөрдүн бардык мүлкүн тартып алуу, элден кууп жиберүү жана башка жаза колдонулган. Өлүм жазасы кыргыздарда өтө эле чанда колдонулган. Жабыр тарткан жактын макулдугу боюнча кээде өлүм жазасы кун менен алмаштырылган. КРдин мыйзамдарынын негиздеринде жаза кылмышкерди жазалоо гана эмес, аны оң жолго салуу, эмгекке ак ниеттүү мамиле кылууга, мыйзамдарды туура, так аткарууга жана жашоо эрежелерин урматтоого тарбиялоо, кылмыш жасоонун алдын алуу максатын көздөйт. Жаза өлчөмү кылмыштуу ишке байланышкан бардык жагдайды, кылмышкердин керт башын, күнөөнүн деңгээлине жараша жана башка жагдайларды эске алуу менен аныкталат. Жазанын негизги жаза (эркинен ажыратуу, сүргүнгө айдоо, жер которуу, эркинен ажыратпаган түзөтүү эмгеги, кандайдыр бир белгиленген кызматта иштөө укугунан ажыратуу, кызматтан бошотуу, штраф, коомдук уяткаруу жана башка) жана кошумча жаза (мүлктү конфискациялоо, аскердик же атайын наамдан, ата-энелик укуктан ажыратуу жана башка) сыяктуу түрлөрү бар.
'''Жаза''' – мамлекеттин атынан сот өкүмү боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн күнөлүү деп таанылган күнөкөрлөрдү укугу менен эркиндигинен ажыратуу же чектөө менен корутундулана турган мажбурлоо чарасы (жаза). Ж. социалдык акыйкаттуулукту калыбына келтирүү, күнөкөрлөрдү түзөтүү, ошондой эле күнөкөрлөр менен башка жактардын дагын да кылмыш жасоосун алдыналуу максатында колдонулат. Ж. бирөөлөргө денебой жактан кыйноо тарттыруу же адамдык ар-намысын тебелөө максатын көздөбөйт. КРде төмөндөгүдөй жаза түрлөрү колдонулат: а) коомдук иштерге тартуу; б) жазапул ; в) үчилтик айып ; г) белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же кандайдыр бир ишенимдүүлүктү жүргүзүү укугунан ажыратуу ; д ) тартипке салуу аскер бөлүгүндө кармоо ; е) камак ; ж) эркиндигинен ажыратуу ; з) өлүм жазасы . Негизги жазалардан сырткары, төмөндөгүдөй кошумча жазалар да колдонулушу мүмкүн: а) атайын, аскердик же ардак наамынан, класстык ченинен жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу ; б) мүлкүн тартып алуу . Ал эми жазапул салуу менен белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иштерди жасоо укугунан ажыратуу чаралары негизги жаза катарында да, кошумча жаза катарында да колдонула берет.
==Колдонулган адабияттар== “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
== Колдонулган адабияттар ==
* [[Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү]]. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
{{no iwiki}}
[[Категория:Юридикалык аталгылар жана түшүнүктөр ]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жаза" булагынан алынды