Жакиев Бексултан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
1-сап:
'''Жакиев Бексултан''' - (16. 1. 1936-ж. туулган, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Бөкөнбаев айылы) – драматург, кинодраматург, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1974), Кыргыз эл жазуучусу (1993), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын (1989), Казакстандын Төлөгөн Айбергенов атындагы эл аралык сыйлыгынын (1994), Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыгынын (1996) лауреаты. КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1958), киносценарийчилердин Москвадагы эки жылдык жогорку курсунда окуган (1960–62). «Кыргызфильм» киностудиясында редактор (1963–68), Кыргыз ССР Маданият министрлигинде (1968–72), Кыргыз ССР Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор (1972–75), Кыргызстан театр ишмерлер союзунун секретары (1988–92), КР Президентинин мамлекеттик кеңешчиси (1992–93), «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору (1994–2000), 1994-жылдан КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы. Жакиев коомчулукка «Атанын тагдыры» (1959) аттуу алгачкы драмасы менен таанылган. Анда драматург кайраттуу карыянын согуш кесепетинен башына түшкөн оор кайгысы аркылуу бүткүл элдин муңун чагылдырган. Бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашуун жолу коюлган. Жакиевдин адам турмушунун ар кыл жагдайларына арналган курч көйгөйлүү «Миң кыял» (1964), «Алтын аяк» (1967), «Өкүм» (1972), «Эртең – жаңы жыл» (1975), «Жолугушуу» (1979), «Күттүргөн жаз да келер» (1981), «Саадак какты» (1982), «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» (1989), «Жаза» (1990) жана башка драмалары бар. Бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин («Азамат Алтай» повесть-эссенин автору. Драмалык чыгармалары камтылган, «Бороондуу жолдо» (1965), «Встреча в городе ветров» (1969) жана башка китептери чыккан. «Атанын тагдыры» драмасы боюнча опера (В. Гусев), «Саадак какты» драмасы боюнча балет (Э. Жумабаев) коюлган. Жакиевдин айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган жана чет өлкөлөрдүн театрларында коюлууда. Жакиевдин театр, кино коом жөнүндөгү ой толгоо макалалары гезит-журналдарда жарыяланып турат. Б. Брехттин, С. Михалковдун, М. Ауэзовдун драмаларын кыргыз тилине которгон. Жакиев 2000–03-ж. даярдаган кыргыздын манасчылык, төкмөлүк өнөрлөрү ЮНЕСКО тарабынан адамзат рухундагы оозеки мурастын шедеври деп таанылып, Парижде расмий жарыяланып, колдоого алынды. Жакиев III даражадагы Манас ордени, Даңк (1997), Казакстан Республикасынын Астана (1999) медалдары менен сыйланган.
'''Жакиев Бексултан''' - жазуучу, драматург.

==Колдонулган адабияттар== “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Бексултан Жакиев 1936-жылдын 16-январында [[Тоң району]]нун Бөкөнбаев айылында туулган.

1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

1960–1962-жж. Москвадагы Сценаристтердин жогорку курсунун угуучусу болгон.

1958–1959-жж. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда кыргыз тили мугалими,

1963–1968-жж. «Кыргызфильм» киностудиясында редактор,

1968–1972-жж. [[Кыргыз ССР]] маданият министрлигинде,

1972–1975-жж. Кинокомитетинде редактор,

1975–1983-жж. Кыргыз ССРинин маданият министрлигинин бириккен репертуардык-редакциялык коллегиясынын башкы редактору,

1984–1987-жж. Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда мугалим,

1991-жылдан доцент, 2005-жылдан профессор,

1988–1992-жж. Кыргыз Театр ишмерлер союзунун башкармалыгынын кат-чысы,

1992–1993-жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекет-тик кеңешчиси,

1994–2000-жж. «Манас–1000» Мамлекеттик дирекциясы-нын көркөм жетекчиси, директору,

1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык боюнча комитетинин төрагасы.

Б.Жакиев 1959-жылы мыкты пьесалардын республикалык конкурсунда баш байгени алган «Атанын тагдыры» аттуу алгачкы драмасы менен таанылган.
Б.Жакиев С.Алешиндин, С.Михалковдун, Б.Брехтин жана М. Ауэзовдун драмаларын которгон.

2000–2003-жж. Б.Жакиев даярдаган Долбоордун негизинде манасчылык, дастанчылык, төкмөлүк өнөрлөр ЮНЕСКО тарабынан Бүткүл адамзат оозеки мурасынын шедеври деп жарыяланып, колдоого алынды.

Кыргыз ССРинин 50 жылдыгына «Баскан жол» (1974), [[Муратбек Рыскулов]]дун 70 жылдыгына «Урматтап Муке дечү элек» (1988), Чыңгыз Айтматовдун 60 жылдыгына «Адам аты», [["Манас" эпосу]]нун 1000 жылдыгына Таластагы (1995), Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына «Улуу түндүк» ж.б. театрлаштырылган адабий сценарийлерди жазган.

1966-жылдан СССР Кинематографисттер союзунун мүчөсү.

1974-жылы «Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер». 1993-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу» деген ардак наамдар берилген.

1989-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы, 1994-жылы Казакстандын Т.Айтбергенов атындагы эл аралык, 1996-жылы Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктары ыйгарылган.

Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги (1996) жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору.
1972-жылы Украин ССРинин ЖСнын Президиумунун Ардак грамотасы жана медалы, 2004-жылы III даражадагы Манас ордени жана «Даңк» (1997), «Астана» (1999) медалдары, Саха (Якутия) Республикасынын Өкмөтүнүн грамотасы (2006) менен сыйланган.

'''ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ'''

''Кыргыз тилинде''

'''Бороондуу жолдо:''' Новеллалар жана пьеса – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 152 б.

'''Атанын тагдыры:''' Драмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 188 б.

'''Эртең жаңы жыл:''' Драмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 272 б.

'''Мен байкемден улуумун:''' Новеллалар, киносценарийлер жана драма. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 232 б.

'''Саадак какты:''' Драмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 400 б.

''Орус тилинде''

'''Мой старший брат моложе меня.'''/Перевод Л.Павлова/ В сб.: Киргизские рассказы. – М.: Сов. Писатель, 1965.

'''Мой старший брат моложе меня.''' В сб.: Герои суровых лет. – Ф.: Кыргызстан, 1968.

'''Мой старший брат моложе меня.''' /Перевод М.Ватагина/. – Ф.: Кыргызстан, 1968.

'''Встреча в городе ветров.''' Ф.: Мектеп, 1969.

'''Встреча в городе ветров:''' Рассказы. – Ф.: Мектеп, 1986.

''ПЬЕСАЛАРЫ''

'''«Атанын тагдыры»''' 1960-жылы Кыргыз Мамлекеттик драма театрында, Алма-Ата, Ашхабад, Мары, Байрамалы, Аркалык, Караганды, Ош, Жалал-Абад, Жамбул, Гурьев, Семей, Нарын, Павлодар, Чымкент, Талды-Коргон, Ташауз, Кызыл-Ордо, Чаржоу, Жизак, Бишкек ж.б. шаарларындагы театрларда жана 1965-жылы Москвадагы Кремль театрында кыргыз искусствосунун 10 күндүгүндө коюлган.
'''«Миң кыял»''' 1964-ж. Нарын муздрам, Ош кыргыздрам ж.б. театрларында коюлган.

'''«Алтын аяк».''' Кыргыз академдрама театрында (1968,1974); Ош өзбек муздрамтеатрында, Сыр-Дарья өзбек театрында (1974) ж.б. коюлган.

'''«Улуу үркүндө».''' Жантөшов атындагы Ысык-Көл театрында 2006-жылы коюлган.

'''«Өкүм».''' 1971-жылы Кыргыз академдрамтеатрында коюлган.

'''«Эртең жаңы жыл».''' 1979-жылы Ош кыргыз драмтеатрынын гастролунда Москвадагы Малый театрда, Фрунзе, Ош, Караганды, Семей ж.б. театрларда коюлган.

'''«Жолугушуу».''' 1979-жылы Ош кыргыз драма театрында, 2007-жылы Кыргыз улуттук драма театрында (Бишкек) коюлган.

'''«Күттүргөн жаз да келээр».''' 1981-жылы Кыргыз академиялык драмтеатрында, Ош кыргыз драмтеатрында коюлган.

'''«Саадак какты».''' 1982-жылы жазылып, 1986-жылы Москвада өткөн Кыргыз академтеатрдын декадасында Малый театрда, Кыргыз академтеатрында, Ысык-Көл драмтеатрында коюлган.

'''«Кызыл жалын от кечкендер».''' 1986-жылы айрым элдик театрларда коюлган.

'''«Үмүт».''' Бир көшөгөлүү пьеса.

'''«Жаза».''' Муратбек Рыскулов атындагы Нарын театрында коюлган (1988).

'''«Жүрөлүчү жүрөк оорутпай».''' 1989-жылы Ош кыргыз драма театрында, 1991-жылы Кыргыз академиялык драма театрында, Жантөшев атындагы Ысык-Көл театрында, Шаршен атындагы Чүй театрында, 2008-жылы Мухтар Ауэзов атындагы казак академиялык драма театрында коюлган.

''Орус тилинде''

'''«Золотая чаша».''' (Перевод М.Рощина). Москва. ВУОАП. 1968.
Крупская атындагы орус драма театрында коюлган.

'''«Встреча»''' (Перевод К.Йонайтене). Москва. ВУОАП, В сб.: «Киргизские драмы». – Ф.: Кыргызстан, 1984.

'''«И придет весна долгожданная».''' Москва. ВУОАП.

''КИНОСЦЕНАРИЙЛЕРИ''

'''Мурас.''' «Кыргызфильм» киностудиясы, 1969.

'''Закым.''' «Ала-Тоо» журн. №8, 1970; «Мен байкемден улуумун» жыйнагына басылган.

'''Өнөр баяны.''' «Кыргызфильм» киностудиясы, 1974. – К-пте: Эртең жаңы жыл (1979).

'''Куугун.''' 1985 – Киносценарийлердин республикалык конкурсунда II байгеге ээ болгон.

'''Алтын балык баяны:''' Телефильм. «Кыргызтелефильм» студиясында тартылган.

''КОТОРМОЛОРУ''

'''Горький М., Чехов А.П.''' Эскерүүлөр. «Ала-Тоо» № 1, 1960.

'''Алешин С.''' Палата: Драма. Кыракадемдрамтеатр. 1963.

'''Абуль Фарадж.''' Токсон санат. (А.Жакыпбеков менен авторлош). – Ала-Тоо, № 5,1961. «Жер деми» жыйнагы (Сирия жазуучуларынын чыгармалары). – Ф.: Кыргызстан. 1971.

'''Брехт Б.''' Өлөрман эне жана анын балдары: Драма. Кырмамдрамтеатр, 1979; «Ала-Тоо» журн., №4, 1979.

'''Апендинин жоруктарынан 502 тамаша.''' 502 анекдота. Апенди – Ф.: Мектеп, 1985. – 208 б.

'''М.Ауэзов.''' «Абай» (драма). К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл театрында, 1997-жылы Алма-Атада Мухтар Ауэзовдун 100 жылдыгына арналган эл аралык фестивалда коюлган.
{{no iwiki}}
[[Категория:Кыргыз жазуучулары]]
[[Категория:Драматургдар]]
[[Категория:Кыргыз адабияты]]
[[Категория:Инсандар]]
[[Категория:Драматургия]]
[[Категория:Кыргыз театры]]
[[Категория:Кыргыз киносу]]
[[Категория:Сценаристтер]]
[[Категория:Жазуучу]]
[[Категория:Кыргыз драматургиясы]]
[[Категория:Театр]]
[[Категория:Котормочулар]]
[[Категория:Жазуучулар]]
[[Категория:Маданият]]