Жамгыр: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Жамгыр''' – [[суу]] тамчысы түрүндө жер бетине түшүүчү жаан. Жамгыр адатта муздак тамчылар менен муз кристаллдарын 0ᵒтан төмөнкү температурада кармап турган аралаш булуттардан пайда болот. Булуттагы муз кристаллдары каныгуудан бара-бара чоңоюп, салмагы оордоп, булуттан бөлүнөт. Атмененын төмөнкү катмарында алар эрип, тамчыга айланат. Майда тамчылардын кошулушу да жамгырдын пайда болушуна көмөкчү. Ал кыска убакытка жана узакка созулуп, тынымсыз же мезгил-мезгили менен жаап, кара жамгыр (чоң-чоң тамчылуу, кыска мөөнөткө созулган жамгыр), ак жаан (майда тамчылуу, узакка созулган жамгыр), нөшөр (тамчы тез ылдамдык менен түшүп, катуу жааган жамгыр), өткүн (бат эле жаап өткөн жамгыр) болуп бөлүнөт. Орто Азиянын түздүктөрүндө жана тоо этектеринде жамгыр жылдын бардык мезгилинде жаашы мүмкүн; жамгырлуу күндөр кар жааган күндөрдөн 2–3 эсе көптүк кылат.
==Колдонулган адабияттар==
“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
 
[[Категория:Табият]]
[[Категория:Аба ырайы]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жамгыр" булагынан алынды