Семетей: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
мNo edit summary
34-сап:
Мындан кийин Семетей Сарытазга жоолугуп андан өзүнү кыргыз экендигин билет Сарытаз ага кырк кыздан баштап, андан Мансур — Түмөнкан — Санчыкан — Акжолтой — Санколдой — Эгизей — Жээрен — Бөйөнкан — Чаянкан — Балакан — Каракан — [[Жакып]] —[[Манас баатыр| Манас ]] деп билгизет.. Тай атасы менен таякесине таарынып жатып Сарытаздан сөздөрүнүн чындык экендигин айтырып алат. Мындан соң Каныйкеге келип Манастын жомогун угуп Таласка аттанып чыгат. Таласка келип Манастын тайганы Кумайыкты, атаны Желмаянды, Акшумкарды жоолуктурат.
Тууган жердин алгачкы таасири, табиятынын сулуулугу каармандын көтөрүңкү көңүлүнө, максатына шайкеш. Ал эми жолуккан Бакайдын, [[Манас баатыр|Манастын]] жандыктарынын арып-азган кебетелери — Семетейдин намысына тие турган зарыл компоненттер, Семетейдин келиши менен [[Манас баатыр|Манастын]] иши, өмүр бою аркалаган максаты жанданат. Жаш баатырдын атасынын ордуна келүүсү эпосто атанын ишин улоо, андан калган мурасты биротоло ээлөө деп түшүнүлөт. С.— кан аталганы менен атасындай эле эң алды менен элди-жерди коргогон элдик баатыр, элдин таламын көздөгөн адам.

Көөнө типтеги алгачкы баатырлык жомоктон жаралган баатырдык эпостордо башкы каарман чыныгы баатыр болуш үчүн мине турган тулпарга, жоо кийими менен курал-жаракка, түрдүү магиялык жандыктарга ээ болушу зарыл.[[Манас баатыр| Манас ]] баатыр да магиялык касиеттеги Аккула, Акшумкар, Желмаян, [[Кумайык]] өңдүү жандыктарды күткөн. Бул сыяктуу көрүнүштөр негизинен эпикалык башкы баатырлардын ата журт үчүн кызмат кылуусунда маанилүү милдеттерди аткарышат.[[Манас баатыр| Манас ]] өлгөн менен ордун жоктотпой турган баласы калды деген ишенимдеги элдик көз караш Семетейдин сырткы кебетеси, сыны эле турсун, фантастикалуу жандыктары менен мифтик колдоочуларынын, курал-жарагынын [[Манас баатыр|Манастан]] оошкондугун көрсөтүү аркылуу Семетейдин образын тереңдетет.

Фольклочу В. Я. Пропп эпостордогу укмуштуу төрөлүү мотивинин келип чыгышын тарыхый аспектиде терең талдап карап, укмуштуу төрөлүү мотивинин өсүп чыккан булактары, ээлеген орду өтө байыркы мезгилдерге, байыркы түшүнүктөргө байланыштуу экенин белгилеген.

Жаш баланын төрөлүшү — элдик оозеки чыгармаларда кеңири таралган мурунку көзү өткөн ата-бабанын кайтадан жаңыланып жарыкчылыкка келиши сыяктуу бааланган байыркы түшүнүк.

Ушул көз караштын өзү генеалогиялык принциптин пайда болушунун маанилүү бир элементи катары «Манас» эпосунда да орун алган. Анткени, [[Манас баатыр|Манаска]] тулкубоюнун окшоштугу, кийим-кечеси, курал-жарагы, ээрчиткен жандыктарынын, акыры колдоочу чилтен-пирлеринин бирдейлиги менен [[Семетей]] [[Манас баатыр|Манастын]] кайрадан тирилишиндей сезилет.

Ошондуктан Семетейдин портрети да эпосто:
:Ат арытып, жер чалып,
:Ит агытып, куш салып,
:Колдогону кожосан,
:Кол бергени кырк чилтен.
:[[Кырк чилтен|Кырк чилтендин]] бирөөсү —
:Кара чаар кабылан,
:Капталынан чамынып,
Line 56 ⟶ 64:
:Азыр илип алчудай,
:Бутун салып арбайып,
:Үстүндө жүрүп калыптыр ([[Каралаев, Саякбай|Саякбай Каралаев]], Кол жазмалар фондусуфонду, 552-инв., 107-б.), — деп сүрөттөлөт.

Семетейде да Манастыкынан калышпаган зор касиет, эпикалык сүр бар. Ачуусу келгенде [[Манас баатыр|Манаска]] окшоп «бетинен беш бейпактык жүн чыгып, жолборстой чамынып, каарына кара жер калыңынан араң туруштук берип көтөрүп тургандай» түргө келет. Алдын ала даярдалган каарман отко күйбөс, сууга чөкпөс өңдүү өзгөчө сапаттарга ээ. [[Семетей]] көпчүлүк учурда «Түгөнгөн сайын түтөгөн Түгөнгүрдүн тукуму, Өлгөн сайын өөрчүгөн Өрттөнгүрдүн өз уулу» — деп мүнөздөлөт. Анын кереметтүү касиеттери атасынан калган Аколпокту, туулганы кийип, магиялык куралжарактарга ээ болгондугуна байланыштырып, баатырлардын өлбөстүгү жөнүндөгү мотивди өз дооруна ылайыкташтыргандыгы байкалат. «Манас» бөлүмүндөгүдөй «Семетейде» да баатыр жоо-жарагын алып, Тайбуурулга мингенде ок өтпөс, кылыч кеспес касиетке ээ болот.
Семетейде да Манастыкынан калышпаган зор касиет, эпикалык сүр бар.

Семетейде да Манастыкынан калышпаган зор касиет, эпикалык сүр бар. Ачуусу келгенде [[Манас баатыр|Манаска]] окшоп «бетинен беш бейпактык жүн чыгып, жолборстой чамынып, каарына кара жер калыңынан араң туруштук берип көтөрүп тургандай» түргө келет. Алдын ала даярдалган каарман отко күйбөс, сууга чөкпөс өңдүү өзгөчө сапаттарга ээ. [[Семетей]] көпчүлүк учурда «Түгөнгөн сайын түтөгөн Түгөнгүрдүн тукуму, Өлгөн сайын өөрчүгөн Өрттөнгүрдүн өз уулу» — деп мүнөздөлөт. Анын кереметтүү касиеттери атасынан калган Аколпокту, туулганы кийип, магиялык куралжарактарга ээ болгондугуна байланыштырып, баатырлардын өлбөстүгү жөнүндөгү мотивди өз дооруна ылайыкташтыргандыгы байкалат. «Манас» бөлүмүндөгүдөй «Семетейде» да баатыр жоо-жарагын алып, Тайбуурулга мингенде ок өтпөс, кылыч кеспес касиетке ээ болот.

Манастын жолдошу акылман [[Бакай|Бакайга]] жоолугуп чоң атасы Жакып кандын кабарын алат. Жакып Семетейди ууландырып өлтүрүүгө аракет кылат, бирок, иши оңунан чыкпай калат. Семетей атасынын асыл мүлктөрүн алып биротоло көчүп келгени Букарга кайтат

Андан кийинки окуялар Семетейдин Таласка көчүп келишинен тартып өнүгөт. Семетей Абыке, Көбөш, Жакып кан мен согушуп, аларды жок кылат. Сары таз хан шайланат. Убагында Каныкейге ыдык көрсөткөндөрүн эске алышып Кыргыл чалдын көкүтү менен кытай көздөп качкан атасы Манастын кырк чоросун жайлоого аргасыз болот.

Кийинки окуялар [[Айчүрөк]] менен байланышат. Убагында Манас хан Оогандын ханы [[Акун хан]] менен бел куда түшкөн болот. Семетейге таарынган нойгуттардын [[Чынкожосу]] жедигердин [[Толтоюна]] барып аны Айчүрөктү алууга көндүрөт. Айчүрөк ак куу кебин кийип учуп, Таласка келип амал менен Акшумкарды алып кетет. Акшумкар издеген Семетей Күлчоро менен [[Канчорону]] ээрчитип Айчүрөктү көздөй жөнөйт.

[[Семетей]] таятасыныкынан Таласка көчөрдө Чачыкейге үйлөнсө да, сөзсүз түрдө атасы кудалап кеткен, маңдайына жазылган колуктусу Айчүрөккө үйлөнүүгө милдеттүү. Ошон үчүн:
:Букардан катын алдым деп,
Line 66 ⟶ 80:
:Катын албай капырай,
:Бойдок жүргөн экенмин — деп, Айчүрөктү алгач көргөндө эле баалап, буйруктуу колуктусун жетимдиктин айынан эмдигиче ала албай жүргөнүнө өкүнөт.

[[«Манас» эпосу|«Манас» эпосундагы]] салтка айланган бир көрүнүш — негизги баатырлардын кимисинин болбосун өздөрүнө ылайык мыкты аялдары айрыкча даңазаланат.[[Манас баатыр| Манас ]] Каныкейдин, [[Семетей]] [[Айчүрөк|Айчүрөктүн]] эмгегине жараша ыраазычылыгын билдирип, артынан токол албаска ант беришет. Бирок согуш ишинде же бир кысталыш учурунда алардын өкүмдүгү, курчтугу жеңет. [[Айчүрөк|Айчүрөктүн]] жамандыкты алдын ала сезип кой, барба — дегенине болбой, [[Семетей]] атасынын күмбөзүнө келип, ич ара чыккынчылыктын курманы болот. Өзүн топурак басып келатканын сезген баатыр элин, энесин, аялы менен төрөлө элек баласын ишеничтүү чоросу [[Күлчоро|Күлчорого]] табыштайт. Элинин тагдыры үчүн санаасы санга бөлүнүп, мал-жандыкты жарды-жалчыга таратып бер, эл баягы мен бардагыдай жайбаракат жатпай бирге конуп, сакчыны тыңдап койсун деген осуят калтырат. Саякбай Каралаевдин вариантында [[Семетей|Семетейди]] [[Манас баатыр|Манастын]] өчүн ала турган уулу, ишин улантуучу мыйзамдуу мурасчы катары таанытууда аңын атасынан калышпаган алптыгына, ашкан эрдигине өзгөчө басым жасалат. Эпостун акырында [[Семетей]] өзүнүн алдына коюлган милдеттерин аткарып бүткөн каарман эсебинде ордун уулу Сейтекке берип, Бакай, Каныкей, [[Айчүрөк]], Күлчорого кошулуп кайып болуп кетет. Мунун негизинде жашоо түгөнбөйт, күрөш эстафетасы муундан-муунга, атадан балага өтөт деген элдик көз караш, турмуштук философия жатат.
Кийинки согуш тышкы душман [[Коңурбай]] менен болот. Семетейге ок жаңылып, Айчүрөк ок аттап түшүрөт. Бул согушта да Семетей жеңишке жетишет.

Line 73 ⟶ 88:
Семетей кийин Сейтек эпосунда элге кайтып келет.

== Колдонулган адабияттарадабият ==

* [http://www.bizdin.kg/books/item/165-semetey Семетей эпосу. 1959 ж.]
* [http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/html/semetey/semetey_sk1/index.html С. Каралев. Семетей эпосу. 1987 ж.]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Семетей" булагынан алынды