Хромосомалар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 79 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q37748 (translate me)
8-сап:
== Хромосомалардын саны ==
Организмдердин ар бир түрүнүн ар бир клеткасында хромосомалардын саны бирдей болот, башкача айтканда ал анын түзүлүш өзгөчөлүгү, түрдүн белгиси. Мисалы, арпанын ар бир клеткасында 14, адамдын дене клеткасында 46дан хромосома болот. Хромосомалардын саны, түзүлүшү жана хромосомалык жыйнагы өзгөрүлсө тукум куума ооруларга алып келет. Эки окшош же бир жупту түзгөн хромосомалар гомологиялык хромосомалар деп аталат. Мисалы, адамдын хромосомасы 23 жупту түзөт, алардын ар бир жубунда окшош эки хромосома болот. Организмдердин клеткаларынын ядросундагы мындай жуптуу хромосоманын жыйындысы хромосомалык жыйынды деп аталат. Ал ар бир түр үчүн мүнөздүү болот. Хромосомалык жыйындынын негизги эки түрү (гаплоиддик жана диплоиддик) бар. Гаплоиддик жыйындыда ар бир жуптан бирден гана хромосома калат (кош жуп жыйнагы). Хромосомалардын диплоиддик жыйнагын кариотип дейт. Адамдын кариотиби 23 жуп жыйнактан турат, анын ичинен 22 жубу аутосома, бир жубу — жыныс хромосомалары деп аталат. Эркектер менен аялдардын аутосомалары бирдей болот, ал эми жыныс хромосомалары айырмаланат ( [[Тукум куугучтук]]).<br />
 
== Молекулалык түзүлүшүнүн негизи ==
Хромосомалардын молекулалык түзүлүшүнүн негизи. Тукум куугучтук информацияны сактоого, аны организмдердин өөрчүшүндө ишке ашырууга жөндөмдүү болгон хромосомалардын маанисин алардын составына кирген биополимерлердин касиети белгилейт (к. Дезоксирибонуклеин кислотасы, Ген). Молекулалык биологиянын кийинки жетишкендиктеринде хромосома узун хроматин жипчесинен түзүлгөндүгү көрсөтүлгөн. Ядролук белоктордун бир тобу ДНКнын молекуласынын бөлүгү менен биригип, нуклеосоманы пайда кылат. Ырааттуулук менен жайгашкан нуклеосомалар хроматин жипчесин түзөт. Электрондук микроскоп менен нуклеосомалар даана көрүнөт. ДНКнын жипчеси нуклеосомага оролуп, хроматин жипчесинде узата жатат. Демек хромосомалар ДНКнын ири молекуласынан турган узун хроматин жипчеси болуп саналат. Хромосомалар клеткалардын бөлүнүүсүнүн ортосунда (интерфаза) абдан активдүү. Хромосомалардагы оролгон хроматин жипчеси жанып, натыйжада көөп калган бөлүктөр пайда болот. Анда жаңыдан пайда болгон РНКнын молекуласы абдан көп болот. Клетка өөрчүгөн сайын көөп калган (активдүү) зоналар хромосомаларда узата жылат. Интерфазанын акырында хромосомаларда ДНКнын молекуласы эки эселенет (репликация). Энелик ДНКнын так көчүрмөсүнүн пайда болушу клетканын жашоосундагы маанилүү учур, себеби клетканын генетикалык программасынын мурунку калыбындай так көчүрүлүшүн камсыз кылат. Ал болсо көп ферменттердин катышуусу менен жүрөт. ДНКнын эселенүүеү бүткөндөн кийин клетка бөлүнүүгө даярдалат.