Десна: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
(Айырма жок)

3 апрель 2015, саат 10:33 учурдагы нуска

ДеснаРоссия менен Украина аймактары аркылуу аккан дарыя, Днепрдин сол куймасы. Узундугу 1130 км, алабынын аянты 88,9 миң км2. Смола-Москва дөңсөөсүнөн башталып, Канев суу сактагычына куят. Жогорку агымында жээгинин көбү жапыз жана саздуу, Брянск шаарынан төмөн карай оң жээги көтөрүңкү. Сейм дарыясы куйгандан кийин дарыя көп салааларга бөлүнүп, нуктарды пайда кылат. Орточо чыгымы 360 м3/сек. Декабрдан майдын башына чейин тоңот. Новгород-Северский шаарынан тартып үзгүлтүксүз кеме жүрөт. Боюнда Ельня, Жуковка, Трубчевск, Чернигов жана башка шаарлар жайгашкан.