Дон: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
мNo edit summary
1-сап:
[[File:Dankov - 05 Don River.jpg|thumb|250px]]
 
'''Дон'''(иран тилдеринде – «суу», «дарыя» маанисинде; байыркы гр. Танаис) – [[Россия|Россиянын ]] европалык бөлүгү аркылуу аккан дарыя. Узундугу 1870 км, алабынын аянты 422 миң км2. Орто Орус дөңсөөсүнөн башталып, Азов деңизинин Таганрог булуңуна куярда дельтаны (аянты 342 км2ге чейин) пайда кылат. Дондун өрөөнү кыйла аралыкка чейин Орто Орус дөңсөөсүнүн чыгыш тик чети аркылуу өтөт. Төмөнкү бөлүгүндө жер анча эңкейиш болбогондуктан, өтө жай агат. Негизги куймалары – Хопёр, Медведица, Сал (сол); Северский Донец (оң). Орточо чыгымы 935 м3/сек. Жогорку бөлүгүндө ноябрдын башынан апрелдин ортосуна чейин, төмөн жагында декабрдын башынан марттын аягына чейин муз тоңот. Дон – кеме жүрүүчү Волга–Дон каналы аркылуу Волга дарыясы менен туташат. Дарыяга Цимлян ГЭСи жана суу сактагычы, Николаев, Константинов, Кочетов гидротүйүндөрү курулган. Балык кармалат. Сосна дарыясынын чатынан баштап кеме жүрөт (1604 км). Георгиу-Деж шаарынан тартып кеме үзгүлтүксүз каттайт (1355 км). Боюндагы негизги шаарлары: Георгиу-Деж, Калач-на-Дону, Волгодонск, Ростов-на-Дону, Азов.
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Дон" булагынан алынды