Дорий ордери: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
 
1-сап:
'''Дорий ордери''' – [[грек ]] системасындагы үч негизги архитектуралык ордерлердин бири. Ал бекемдиги боюнча [[Рим]] системасындагы ордерлерден тоскана ордеринен кийинки экинчи орунду ээлейт. Грек-дорий жана рим-дорий ордерлеринин жалпы белгилери: 1) карниздеги мутулдар; 2) триглифтик-метопалык фриз; 3) жылма архитрав; 4) түркүгү тоскана ордерине караганда ичке, ал эми ионик ордерине караганда жоон; 5) моюнча (римдик вариантында астрагал менен баса көрсөтүлгөн) эхин жана салыштырмалуу жоон, чарчы абак; 6) тыгыз жайланышкан жана бири-биринен миздүү кырлары аркылуу бөлүнүп турган каннелюрлар менен фуст. Грек-дорийлик түркүктө базанын жоктугу, ал эми рим-дорийлик (Ж. Виньола иштеп чыккан дорийлик база салыштырмалуу түрдө аз, көп учурда аттикалык база колдонулат) түркүктө базанын сөзсүз болушу бул эки варианттын айырмачылыгын түзөт. Архитектуралык-теориялык эмгектерде Витрувийдин (биздин заманга чейин. 1-кылым) мезгилинен баштап эле дорийлик түркүктү жылаңач эркек-алптын, ал эми ордердин өзүн анын рухий жана кара күчүнүн чагылдырылышы катары кабыл алып келишкен. Адатта мындай символика аны менен милдети боюнча туура келген курулуштарда Дорий ордерин колдонууга чек койгон. Бир фасадда башка ордерлер менен айкалышта Дорий ордери «оор ордер» катары көбүнчө төмөн жакта, бирок тоскана ордеринен жогору жайгашкан.
==Колдонулган адабияттар==
“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
[[Категория:Тарых]]