Дыйкандар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
 
1-сап:
'''Дыйкандар''' – алгачкы [[Коом|коомдун]] бузула баштаган мезгилинде пайда болгон өз алдынча тап. Өндүргүч күчтөрдүн улам жаңы баскычка өнүгүүсүнүн натыйжасында уруулук жамааттардын ичинен эң биринчилерден болуп дыйкандар бөлүнүп чыккан. Коомдун алдыга өнүгүүсү менен бара-бара жикке бөлүнүү башталып, жеке менчиктин калыптанышына байланыштуу дыйкандардын арасынан улам байлардын келип чыгышы мыйзамченемдүү көрүнүш болуп эсептелет. Жеке менчиктин калыптануусуна чоң салым кошкон. Салыштырмалуу түрдө дүйнө жүзүндөгү калктын теңинен көбүн түзөт. Кайсыл коомдо болбосун дыйкандардан салык алып турууга ар бир мамлекеттин өз кызыкчылыгы калыптанган. Эл чарбасына керектүү тамак-аш жана башка азыктарды өндүрүп чыгаруудагы негизги күч. Айыл чарбасы өнүккөн кээ бир өлкөлөрдө алдыңкы күчтөрдүн бири болуп, дүң продукциянын көбү дыйкандар тарабынан өндүрүлөт.
==Колдонулган адабияттар==
“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
[[Категория:Юридикалык аталгылар жана түшүнүктөр]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Дыйкандар" булагынан алынды