Сын атооч: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Сын атооч
(Айырма жок)

9 апрель 2015, саат 17:25 учурдагы нуска

1. СЫН АТООЧ. Заттын өңүн, түсүн, сынын, сапатын, даамын, формасын ж.б. көрсөтүп, кандай? кайсы? деген суроолорго жооп берген сөздөр сын атооч деп аталат. М и с а л ы: кызыл, сары, жашыл, таттуу, ачуу, тоголок, жумшак ж.б. Сын атооч сүйлөм ичинде көбүнчө баяндоочтук, аныктоочтук, бышыктоочтук милдетти аткарат: М и с а л ы:Акылдуунун сөзү кыска (кыска — баяндооч). Жакшы адамдын белгиси эл камы үчүн жүгүрөт, жаман адам белгиси өз камы үчүн күйүнөт (жакшы, жаман - аныктооч). Бали, азаматтар, жакшы иштедиңер (жакшы -бышыктооч).

САПАТТЫК ЖАНА КАТЫШТЫК СЫН Заттардын сын-сыпаты, өңү-түсү, даамы, формасы, мүнөзү, сапаты сыяктуу белгилерин түздөн-түз көрсөткөн сын атоочтор сапаттык сын деп аталат. М и с а л ы: ичке, сулуу, ак, жашыл, тунук, ачуу, тегерек, тоголок, шайыр, түнт, жакшы, жаман, кызылыраак, өтө чоң, абдан сонун, саргыч, бозолук, чоң-кичине, жакшы-жаман, ак-кара ж. б. Башка бир зат менен болгон байланышына, кандайдыр бир катышына карай заттын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүчү сын атоочтор катыштык сын деп аталат. М и с а л ы: токойлуу жер, тоодой толкун, темирдей тартип, жаанчыл ай, даамдуу тамак, тумакчан киши, аталаш туган ж.б.

СЫН АТООЧТУН ДАРАЖАЛАРЫ Кыргыз тилинде сын атоочтун төрт даражасы бар: жай, салыштырма, күчөтмө жана басаңдатма даража.

ЖАЙ ДАРАЖА Заттын белгисин кандай нормада экендигин билгизип, атайын мүчөлөрдүн жардамысыз, уңгу түрүндөгү сапаттык сын атоочтор аркылуу жасалат: кызыл, сары, ак, көк, кара, жашыл, ачуу, кен, сүйрү ж.б.

САЛЫШТЫРМА ДАРАЖА Заттагы бир эле белги экинчи заттын белгиси менен салыштырылат. Салыштырууну чыгыш жөндөмөсүнүн -дан жана -ыраак мүчөсү уюштурат. Бал канттан пайдалуу. Замира Берметтен кичине. Москва көп шаарлардан кооз (коозураак).

Күчөтмө даража Заттардын сын-сыпатын күчөтүп, өтө жогору же өтө төмөн экендигин көрсөтөт да, төмөнкү жолдор менен жасалат. а) эң, өтө, абдан, чымкый, чылк деген ж. б. күчөткүч бөлүкчөлөрдүн жардамы менен жасалат: эң чоң, өтө күчтүү, абдан жакшы, чымкый кызыл. б) сын атоочтун толук кайталанып же кыскарып айтылышы аркылуу жасалат: кыпкызыл, упузун, капкара, сапсары, бийик- бийик тоолор, кооз-кооз үйлөр, сонун-сонункөчөлөр ж.б. в) затташкан сын атоочтор күчтөмө даражаны уюштурат: мыктынын мыктысы, сулуунун сулуу су ж.б.

БАСАҢДАТМА ДАРАЖА Заттагы белгинин нормалдуу белгиге жете бербегендигин же анын басандатылып айтылышын билдирет, төмөнкү мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат: -ыш - агыш, көгүш -гыл - киргил, чаңгыл -ылжым, -ылжын - көгүлжүм, көгүлжүн -гыч - саргыч -гылт - кызгылт -гылтым - кызгылтым ж.б.

СЫН АТООЧТУН ЖАСАЛЫШЫ Сын атоочтор төмөндөгүдөй мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат: Зат атоочтон сын атооч жасоочу мүчөлөр: -луу – токойлуу жер, суулуу өзөн, малдуу адам -дай - тоодой толкун, алтындай сары, анардай кызыл -сыз - ботосуз төө, суусуз жер, айсыз түн -гы (-кы) - жазгы суу кышкы тоо, жайкы ысык -чул - суучул киши, жаанчыл ай, кишичил буура -лык - шаардык адам, айылдык жер, жылдык түшүм -чан - атчан адам, тончон бала, кийимчен киши -мер - ишмер кызматчы, сөздөр чал -дак - кумдак жер, таштак өрөөн, сыздак жер -кор - малкор адам, чайкор кемпир, дүнүйөкор бай -ий –илимий иш, тарыхый оку я, диний көз караш Этиштен сын атооч жасоочу мүчөлөр: -гыр - алгыр куш, өткүр бычак -гыч –аткыч киши, илгич мышык, жазгыч акын -гак - соргок кузгун, тайгак жол -аак - ыйлаак бала, тердээк ат -ык - жыртык кемсел, кетик тиш, тунук суу -чаак - таарынчаак бала, унутчаак киши, уялчаак кыз, тырышчаак окуучу -аанак - кабаанак ит, сүзөөнөк уй, качаанакат -калаң – шашкалаң киши, каткалаң үнсүз -ыңкы – көтөрүңкү кабак, басыңкы маанай -ма - жайма базар, өрмө жүгөн -ыш - тааныш адам, окшош буюм -ынды - уланды мүчө, туунду сөз -ын - агын суу, саануй -арман - чабарман жигит, күйөрман киши ж.б.


СЫН АТООЧТУН СИНТАКСИСТИК ЖОЛ МЕНЕН ЖАСАЛЫШЫ Сын атоочтор сөз менен сөздүн айкалышы аркылуу синтаксистик жол менен жасалат. М и с а л ы: улуу-кичүү, узун-кыска, ачуу-таттуу, майда-чүйдө, ак саргыл, кара тору, кызыл ала, кара көк, мала кызыл, кара кочкулж.б.

СЫН АТООЧТУН ЗАТТЫК МААНИДЕ КОЛДОНУЛУШУ Сын атооч менен бирге айтылуучу аныкталгыч сөз түшүп калып, сын атооч зат атоочтук мааниде колдонулат:жакшы (адам) эл камын ойлойт, жаман (адам) өз камын ойлойт. Күлүк (ат) чапкан сайын арбытат. Жаманга айткан кайран сөз. Жакшыны жакшы билер ж.б.

СЫН АТООЧТУН СИНТАКСИСТИК КЫЗМАТЫ Затташып ээлик милдетти: кызылы тандалып алынды. Жакшыны жакшы билер. Баяндоочтук: Бүтүн жер жүзү - аппак, кооз жана эң сулуу. Аныктоочтук: Кадырлуу адамдар келишти. Ал мага жаңы кубат, жаңы күч берди. Бышыктоочтук: Ысмайыл ырайымсыз көрүндү. Унү жагымдуу угулду ж.б.