Лас-Вегас: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Файл
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Las Vegas Boulevard northbound, Las Vegas NV.jpg|thumb|right|250px]]
 
Лас-Вегас - [[АКШ]]нын [[шаар]]ларынын бири.
'''Лас-Вегас шаары''' – [[АКШ|АКШнын]] түштүк-батышындагы шаар. Невада штатынын түштүгүндө. Калкы 570,1 миң (2010; шаар агломерациясы менен 2,3 млн). Ири жолдор тоому. Эл аралык жана жергиликтүү маанидеги аэропорттору бар. 1905-ж. негизделген. 1911-жылдан шаар. Лас-Вегастын борборунда мормондордун эски форту (1855; чийки кыштан салынган), отель, «Голден Гейт» казиносу, үстү жабык Фремонт көчөсүндө казино-отели (1946; негизинен Голливуд кинолору тартылуучу жер) жайгашкан. Жалпы улуттук маанидеги көңүл ачуу индустриясынын жана туризмдин борбору. Электр-техникалык өнөр жай, агломерациясында жогорку технология чөйрөсү (телекоммуникация, электрондук оюндарды жөнгө салуу), Лас-Вегаска жакын жерде «Неллис» аскер-аба базасы иштейт. Университеттер, бир нече коллеждер жана сүрөт галереясы, китепканалар, музейлер бар. Теннис боюнча эл аралык турнирлер (аялдар жана эркектер арасында), «Формула-1» автожарышы, ишкер жана илимий конференциялар, көргөзмө, жармаңке жана башка өткөрүлүп турат. Үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүчү уюмдар (туристтерди кызыктырат) уюштурулган. Климаттык курорт.
 
==Колдонулган адабияттар==
“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
 
[[Категория:ШаарларГеография]]
[[Категория:АКШ]]
[[Категория:Шаарлар]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Лас-Вегас" булагынан алынды