Евразия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
14-сап:
==''Табигый секторлору, алкактары жана зоналары''==
Евразияда табигый өзгөчөлүктөрү боюнча кыйла айырмаланган секторлордун бөлүнүүсү кургактыктын айрым бөлүктөрүнүн ным булагынан түрдүүчө алыстыкта жайгашуусуна жана ал аймактардын обочолонуу деңгээлине байланыштуу. Евразиянын аймагы 6 секторго бөлүнөт: 2 океандык – батыш жана чыгыш; 2 өтмө; континенттик жана кескин континенттик. Батыш океандык сектор Батыш Европаны бүт жана Батыш Азиянын басымдуу бөлүгүн камтыйт. Чыгыш океандык сектор Тынч океандын кууш жээк тилкесин гана камтып, табиятына түрдүүчө таасирин тийгизген муссондук климаты менен өзгөчөлөнөт. Евразиянын калган секторлору материктин ички бөлүгүн ээлейт; ал эми Евразияга гана мүнөздүү кескин континенттик сектор континенттик сектордун чыгышында жайгашат; ал болсо батыштан соккон аба массасына жана нымды сырткы айдарым капталдары өзүнө кармап калган орогр. тоскоолдордун болушуна байланыштуу. Евразиянын табияты кеңдик боюнча өзгөрүп, ага төмөнкү географиялык алкактар мүнөздүү: арктика, субарктика, мелүүн, субтропик, тропик, субэкватор, экватор. Ар бир алкак өз ичинен зоналарга жана зоначаларга бөлүнөт. Арктика алкагынын арктикалык чөл зонасы муздуу жана таштуу чөл, ошондой эле тоо ландшафтынын суук чөл тибиндеги зоначаларына, субарктика алкагы тундра жана токойлуу тундра зоналарына бөлүнөт; тоолоруна тундра-суук чөл бийиктик алкактары мүнөздүү; чыгышында тундранын жапалак токойлору кеңири таралган. Мелүүн алкакта кеңдик зоналуулук (токой зонасы тайга, аралаш, жазы жалбырактуу токой зоначалары менен токойлуу талаа, талаа, жарым чөл, чөл) континенттик секторго мүнөздүү. Евразиянын кескин континенттик секторунда тоолор кеңири аянтты ээлегендиктен, кеңдик зоналуулук көбүнчө бийиктик алкактуулуктун спектринде байкалат. Өтмө жана океандык секторлордо зоналардын чегинде океандардын таасиринен өзгөрүүлөр болот, мисалы, Чыгыш Европа (Орус) түздүгүндө зоналар Түндүк-батыштан Түштүк-чыгышты, мелүүн алкактын четки түштүгүндө батыштан чыгышты карай өзгөрөт: Франциянын токою, Карпат өндүрүнүн токойлуу талаасы, Украинанын түштүгүндөгү талаа, Казакстандын жана Борбордук Азиянын чөлдөрү жана жарым чөлдөрү, Моңголиянын жана Дунбэйдин талаалары жана токойлуу талаалары, Манжур-Корей тоолорунун жана Япониянын Түндүк аралдарынын токойлору. Тоолоруна бийиктик алкактуулуктун токойлуу-тундра, токой-жапалак токой, токойлуу шалбаа жана чөл-талаа спектрлери мүнөздүү. Суб-тропик алкагынын зоналары да батыштан чыгышты карай өзгөрөт: Жер ортолук деңиз аймагынын катуу жалбырактуу токойлору жана бадалдары, Закавказье менен Кичи Азиянын талаалары жана жарым чөлдөрү, Иран тайпак тоосунун, Түркмөнстан менен Борбордук Азиянын Түштүк бөлүктөрүнүн чөлдөрү. Субтропик алкагынын океандык секторундагы тоолорго көбүн токой түзгөн бийиктик алкактуулуктун батышына токой-шалбаалуу талаа, чыгышына токойлуу шалбаа зоналары мүнөздүү. Евразиянын ички аймактарында чөл-талаа, Памир, Тибет тайпактоолорунда бийик тоо чөл ландшафттары үстөмдүк кылат. Тропиктик алкагы Араб жарым аралын жана Тар чөлүн камтып, аларга тропиктик жарым чөл жана чөл, тоолоруна бийиктик алкактуулуктун чөл-талаа жана чөл зоналары мүнөздүү. Чыгышыраакта, тропиктик кеңдиктерде Түндүк субэкватордук алкак таралып, ал нымдуу субэкватор токою (негизинен тоолордун айдарым капталдарында) жана саванна (негизинен Индстан жана Индикытай жарым аралынын ички бөлүктөрүндө) зоналарына бөлүнөт. Бул аймакта жайгашкан тоолорго бийиктик алкактуулуктун токойлуу шалбаа жана токойлуу талаа зоналары мүнөздүү. Экватордук алкак Шри-Ланканын Түштүк-батышын, Малакканын жана Филиппин аралынын Түштүк бөлүктөрүн, Чоң Зонд аралын камтып, ага нымдуу экватор токою – ''гилея, ''тоолоруна гилея менен парамостун (тоо-экватордук өзгөчө ландшафт) айкалышы мүнөздүү. Кичи Зонд аралында Түштүк экватор алкагынын токой жана саванна ландшафттары үстөмдүк кылат.
===''Табигый аймактары''===
Табигый аймактарынын жалпы кабыл алынган бөлүнүшү жок, бул физико-географиялык райондошторуудан башка да бир нече схема бар. Төмөндө келтирилген Евразиянын физико-географиялык райондоштуруусунун схемасы – табигый-ландшафттык өлкөлөрдүн ар бирине морфология-тектоникалык биримдиги, жаңы тектоникалык өнүгүүсүнүн, климатты пайда кылуучу циркуляциялык процесстердин жалпылыгы, табигый зоналардын мыйзам ченемдүү таралуусу мүнөздүү. Айрым өлкөлөрдүн ортосунда айырмачылыктар болсо дагы, аларды ири топторго бириктирүү үчүн мүмкүнчүлүк түзгөн окшоштук белгилери да болот. Евразиянын аймагын төмөнкү физико-географиялык өлкөлөрдүн топторуна бириктирүүгө болот: Атлантика бою өлкөлөрү; Түндүк Евразия; тоо-аралдуу Арктика; Бийик Сибирь жана Моңголия; Ички Евразия; Чыгыш Азия, Түштүк Азия; Европалык Жер Ортолук деңиз аймагы, Алдыңкы Азия тайпак тоолору жана Кавказ; Түштүк-Батыш Азия.
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Евразия" булагынан алынды