Евразия: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
No edit summary |
||
1-сап:
'''Евразия''' – [[Жер]] шарындагы эң чоң материк (континент). Түндүк жарым шарда (айрым аралдары Түштүк жарым шарда). Ал
==''Орографиясы, рельефи жана геололгиялык өнүгүү тарыхы''==
Евразиянын аймагынын 2/3 бөлүгүн тоолор менен бөксө тоолор ээлейт. Негизги тоо системалары: Гималай, Альп, Кавказ, Карпат, Пиреней, Апеннин, Гиндукуш, Каракорум, Памир, Теңир-Тоо, Куньлунь, Алтай, Саян, Түндүк-Чыгыш Сибирь, Урал тоолору; тайпак тоолору – Алдыңкы Азия, Тибет, Саян-Тува; бөксө тоолору – Декан, Орто Сибирь. Ири түздүктөрү менен ойдуңдары: Чыгыш Европа, Батыш Сибирь, Туран, Кашкар, Улуу Кытай, Инд-Ганг, Жунгар, Месопотамия жана башка Евразия өнүгүү мезгилдеринин кыйла татаалдыгы жана геология түзүлүшүнүн өтө ар түрдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. Континенттин негизи бир нече байыркы материктин ажырашынан же биригишинен калыптанган: Түндүк-батышта ''Лавренциянын'' чыгыш бөлүгү кайнозойдо төмөн чөгүп, Атлантика океаны аркылуу Түндүк Америкадан бөлүнүп, Европа пайда болгон; Түндүк-чыгышта ''Ангарида'' палеозойдун аягында Урал бүктөлүшү аркылуу Лавренцияга туташып, натыйжада ''Лавразия'' пайда болгон; Лавразия мезозойдун ортосуна чейин сакталган; ал эми түштүктөгү байыркы ''Гондвана'' материги ажырап, анын Түндүк-чыгыш бөлүгү (Араб жана Инди платформалары) Евразияга туташкан. Евразиянын структурасынын негизги элементтерин байыркы структуралар – Чыгыш Европа (Балтика жана Украина калкандары), Сибирь (Алдан калканы), Кытай-Корей, Түштүк Кытай, Инди платформалары жана Нубия-Араб калканынын бир бөлүгү түзөт. Евразиянын азыркы рельефи неоген жана антропогенде ушул аймакты бүт камтыган ургаалдуу тектоникалык кыймылдан калыптанган. Альп-Гималай жана Чыгыш Азия геосинклиналдык кырчоолору активдүү тектоникалык кыймылда болгон. Ургаалдуу жаңы тектон. кыймылдан Евразияда тоолор үстөмдүк кылып (алардын орточо бийиктиги 840 ''м''), ири тоо тизмектери (''Гималай'', ''Каракорум'', ''Гиндукуш'', ''Теңир''-''Тоо'') пайда болгон; алардын бийиктиги 7–8 миң ''м''ден ашкан. Ошондой эле массивдүү ''Алдыңкы Азия тайпак тоолору'', ''Памир'', ''Тибет'' да бийик көтөрүлгөн. Бул көтөрүлүүдө ''Ысар-Алайдан'' Чукоткага чейинки тоолуу кеңири тилке, Куньлунь, Скандинавия жана башка тоолор кайра жаралган. Жаңылануу процессине орто бийиктиктеги Урал, Ортоңку Европа тоолору, ошондой эле бир аз Орто Сибирь, Декан жана башка бөксө тоолор да дуушарланган. Материктин чыгышында четки кырка тоолор (Коряк тайпак тоосу, Сихотэ-Алинь жана башка) жайгашып, аларды тоо-аралдар доголору (Чыгыш Азия, Малайя жана башка) улап кетет. Евразиянын рельефинде ошондой эле рифт түзүлүшүнүн да мааниси зор; ага Рейн грабени, Байкал, Жансыз деңиз ойдуңдары жана башка кирет. Жаш бүктөлүү алкактарына жана кайра жаралган тоолордун структураларына ургаалдуу жер титирөө мүнөздүү. Жер титирөөнүн ургаалдуулугу жана кыйраткычтыгы боюнча Евразияга Түштүк Америка гана теңдеше алат. Жаш тоолордун рельефинин калыптануусуна жанартоолордун таасири бар; аларга Исландия менен Армян тайпак тоосунун лава катмарлары жана жанартоо конустары, Италиядагы, Камчаткадагы, Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы аракеттеги жанартоолор, Кавказ, Карпат, Эльбурс жана башка тоолордогу өчкөн жанартоолор кирет. Жер кыртышынын төмөн чөгүүсүнөн материктин чет-жакаларын суу каптап, Евразияга жакын жайгашкан архипелагдар (Ы. Чыгыш, Британ а., Жер Ортолук деңиз алабы жана башка) обочолонгон. Мурда Евразиянын ар кайсы жерин деңиз бир нече жолу каптаган. Алардын чөкмө тектери деңиз түздүктөрүн түзүп, кийин мөңгү, агын суу жана көл суулары менен тилмеленген. Евразиянын эң ири түздүктөрүнө Чыгыш Европа (Орус), Ортоңку Европа, Батыш Сибирь, Туран, Инд-Ганг кирет. Евразияда жантайыңкы жана цоколдук түздүктөр да кеңири таралган. Евразиянын Түндүк жана бир катар тоолуу аймактарынын рельефинин калыптанышына байыркы муз каптоонун таасири зор болгон. Евразияда плейстоцендин муздуктары жана суу-муздуктары пайда кылган чөкмө тектер ээлеген жерлердин дүйнөдөгү эң ири аянттары бар. Азыркы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 230 миң'' км''2дей; алардын көбү Арктиканын аралдарында, Исландияда жана Азиянын бийик тоолорунда (Гималай, Каракорум, Тибет, Куньлунь, Памир, Теңир-Тоо жана башка), ошондой эле Альп, Скандинавия тоолорунда жайгашкан. Көп жылдык тоң Евразиянын 11 млн ''км''2дей аянтын (негизинен Сибирди) ээлейт. Акиташ тегинен жана гипстен түзүлгөн аймактарда ''карст'' процесстери өөрчүгөн. Азиянын кургакчыл аймактарына рельефтин чөлдүк формалары жана типтери мүнөздүү.
|