Демигүү: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 38 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q188008 (translate me)
No edit summary
1-сап:
'''Демигүү''' — [[Организм|организмге]] аба жетпегендей сезилип, [[Дем алуу|дем алуунун]] ылдамдыгы, ыргагы жана тереңдигинин бузулушу. Демигүү организмге күч келгенде ''(физиологиялык демигүү)'' же кээ бир орган жана системанын оорусунда ''(патологиялык демигүү)'' организмдин ыңгайлануу реакциясынын бири болуп эсептелет.
Физиологиялык демигүү организм күч эмгеги менен иштегенде кычкылтекти көп керектегенден болот. Терең жана тез-тез дем алганда организмге өпкө аркылуу келүүчү кычкылтектин саны 2—3 эсе өсөт. Ошол мезгилде дем чыгаруу менен организмдеги көмүр кычкыл газ бөлүнүп чыгат. Физиологиялык демигүү абада кычкылтеги аз бийиктикке чыкканда, чөйрөнүн абасы ысып кеткенде жана башка болот. Киши өзүнүн дем алуусун башкара алат.
Патологиялык демигүү дем алууну жөнгө салуу бузулганда же мээде дем алдыргыч борбор жабыркаганда, уктатуучу же наркоздук заттар менен ууланганда болот. Көкүрөк клеткасы кырсыкка учураганда, өпкө абдан жабыркаганда (өпкөнүн сезгениши, туберкулёз, бронх астмасы, өпкө эмфиземасы жана башка) өпкө демигүүсүсү пайда болот. Бул учурда дем алуунун тереңдиги, ылдамдыгы бузулат, тери жана былжыр чел көгөрөт, моюн тамырлары көөп, бет чыңалып чыгат. Мындай демигүү кичине эле күч жумшаганда күчөйт. Жүрөк демигүүсү жүрөк начарлаганда болуп, оорулуу көгөрөт, кол-бут муздайт. Күч келгенде демигүү күчөйт. Бронх астмасы жана жүрөк астмасынын кармоосунда болгон демигүүдө оорулуу муунат. Патологиялык демигүүдө оорулуунун көкүрөгүн кыскан кийимдерин чечип, башына бийик жаздап төшөккө жаткырып, терезени ачып, бөлмөнү желдетип, тез жардам чакыруу керек.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Демигүү" булагынан алынды