'''Бөкөнбаев кыштагы''' – [[Тоң району|Тоң районунун]] жана Күнчыгыш айыл өкмөтүнүн борбору,кыштак. 1912-жылы негизделген. ЫсыккөлдүнЫсык-Көлдүн түшүгүндө Балыкчы–Каракол автомобиль жолунун боюнда Балыкчы темир жолунжол бекетинен 88 км аралыкта жайгашкан. Калкы 10870 (2001); негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенишет. Үч орто мектеп, музыка жана спорт мектептери, кесиптик-тех.техникалык окуу жайы, маданият үйү, оорукана,бейтапкана, китепкана, бала бакча жана калкты турмуш тиричилик жактан тейлөө мекемелери жана башкалар бар. Кыштак белгилүү акын жана драматург Жоомарт Бөкөнбаевдин урматына аталган. 1944-ж. чейин Кольцовка деп аталган.
==Колдонулган адабияттар: == * Кыргыз улуттук энциклопедиясы