Карлук: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Aidabishkek (талкуу | салымы) |
No edit summary |
||
1-сап:
'''Карлук''' - [[Кытай]], араб жана перс булактары батыш-түрк империясы кулагандан кийинки түрк урууларынын топтору жөнүндө кыйла так элести түзүүгө бизге мүмкүнчүлүк берет. Империяны негиздеген уруулар түрк деген аталыштан сырткары, батыш-түрктөрдү он муунга бөлгөн кытайлык кабарга карабастан, чыгыштагы сыяктуу эле, батышта да огуздар же токуз-огуздар (тагы 'тогуз огуздар') деп аталышкан. Чыгыш [[Түркстан|Түркстандын]] эң чет бөлүгүндө мамлекет түптөгөн шато (мааниси 'талаанын') түрктөрүн кытайлар батыш-түрк мамлекетинен чыгарышат, арабдарда болсо бул түрктөр тугузгуздар
Жети-Сууда эки муунга— тохсийлер жана азийлерге (бул аталыштын окулушу ынанымсыз; орхон жазууларында эскерилген аз элдери менен азийлер окшош болушу мүмкүн) бөлүнүшкөн түргөштөр гана калган; VIII кылымдын экинчи жарымында Жети-Суудагы үстөмдүк карлук элине өткөн, бул учурда алардын негизги массасы Алтайдан кетишкен (карлуктардын алдыңкы бутагы жүз жылдыктын башында эле Аму-Дарыянын жээктерине жеткен). 766-ж. карлуктар Суябды ээлешкен жана борборун ушул жерге көчүрүшкөн; алардын падышасы джабгу титулун алып жүргөн, ал орхон жазууларында көп кездешкен ябгу титулу менен бир экендиги талашсыз. Ошентип, түрк империясы кулагандан кийин да Жети-Суу түрк элдеринин колунда калган жана арабдар да, кытайлар да басып алышкан эмес. Кытайлардын Батыш Түркстандын иштерине кийлигишүүсү 751-ж. араб кол башчысы Зияд б. Салихтен жеңилгенден кийин токтогон. Арабдар VIII кылымдын аягында карлуктарды Ферганадан сүрүп чыгуу менен чектелген; түндүк-чыгышта мусулман баскынчылары, биздин билишибизче, эч качан Таластан ары барышкан эмес.
17-сап:
== Булактар: ==
[http://bizdin.kg/elib/kitepter/html/taryh/bartold_tandalma/section5.html#title7 Бартольд В. В. Жети-Суу тарыхынан]
[[Категория:Тарых]]
|