Китч: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 42 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q131711 (translate me)
No edit summary
 
1-сап:
[[File:Gartenzwerg.jpg|thumb|300px|Бакчалардагы бул курчактар КИТЧге мисал боло алат.]]
 
'''Китч''' же '''Кич''' (Kitsch) – бул көбүнесе сырткы көрүнүштүн экстраваганттуулугуна, курч көрүнгөнүна маани берген массалык [[маданият|маданияттын]] бир түрү болуп саналат. Массалык маданияттын бир элементи катары эстетикалык баалуулуктардан абдан эле узакта турат. Китч дизайнга тиешеси болгон дээрлик бардык тармактарда кездешет. Ошол эле учурда КИТЧти өзүнчө бир жаңы агым, же жаңы тендецияларды алып келген агым катары эмес, болгону буга чейинки стиль жана баалуулуктарды өнүктүрүп, башкача ыкма менен гана көрсөткөн стиль катары кабыл алгандар бар.
 
Китч термини [[Немис тили|немис тилинен]] алынып, 19-кылымдын 60-70-жылдары Мюнхен шаарынын базарларында алгач пайда болгон деген божомолдор бар. Бул термин арзан, бат алынып кетүүчү картиналар үчүн колдонулган.
 
Китч стилинин негизги өзгөчөлүгү да анын арзандуулук менен байланышта болушунда . Себеби КИТЧ стилинде көрүнүү үчүн анчалык көп акчанын керги деле жок. Болгон арзан бир буюмдарды сатып алуу менен КИТЧ катары өзүн көрсөтүү толук мүмкүн. Бирок баардык эле адам арзан буюмдар менен өзгөчөлөнө албайт. Андыктан КИТЧ стилин колдонуу дагы өзүнчө билимди, тажрыйба жана дизайнердик искусствону талап кылат.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Китч" булагынан алынды