Кош жылдыз: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
[[File:O Star Binary med.jpg|250px|thumb|Сүрөтчүнүн тартуусундагы О-кош жылдыздар]]
[[File:Spectral of double stars.gif|thumb|Спектрдик кош жылдыздардын жупталуу процессинин мисалы]]
'''Кош жылдыздар (Sinary star)''' – бири бирине жакын жайгашкан, эллипстик орбита боюнча айлануучу [[Жылдыз (топоним)|жылдыздар]]. <br>
Негизинен [[асман]] сферасына проекцияланганда бири экинчисине байланышпай алыс жайгашкан оптикалык кош жылдыздар жана бир динамикалык системаны түзүп, жалпы оордук борборунун айланасында өз ара тартылышкан физикалык кош жылдыздарга бөлүнөт. Кээде үч же андан ашык жылдыздар байкалат. Түзүүчүлөрү өз ара алыс жайгашып, жуптугу айрым көрүнгөн учур көзгө көрүнгөн кош жылдыздар, өтө тыгыз жайгашып жуптугу айрым көрүнбөгөн, бирок фотометриялык же спектроскоптук ыкма менен коштук теги аныкталган жылдыздар тутулма өзгөмө жылдыздар жана спектрдик кош жылдыздар деп аталат. <br>
Кош жылдыздарынын орбиталарынын элементтери – айлануу мезгили, эксцентриситети, периастр аркылуу өтүүчү моменти жана түйүндөн периастрга чейинки аралыгы жана башка каралуучу элементтери. Бул спектрдик кош жылдыздарда нурдук ылдамдыктардын ийри сызыктарынан аныкталат. Азыркы мезгилде ондогон миң көзгө көрүнгөн кош жылдыздар белгилүү. <br>
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кош_жылдыз" булагынан алынды