Көз: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 143 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q7364 (translate me)
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Menschliches auge.jpg|350px|right|thumb|Адамдын көзү(оң)]]
'''Көз''' (лат. oculus) — көрүү органы; [[Сезүү органдары|сезүү органдарынын]] эң негизгилеринин бири.
== Көздүн түзүлүшү ==
Ал көз алмасынан жана анын жардамчы аппараттарынан турат. Көз алмасынын арткы уюлунан көрүү нерви чыгып [[мээ]] менен байланышкан. Көз алмасы шар сымал, алдыңкы уюлу томпок линзага окшош. Көз алмасы көз чанагында жайгашып, ички ядросунан жана аны курчап турган үч катмардан (ички, ортоңку жана сырткы) турат. Көз алмасынын сырткы катмарынын алдыңкы уюлу жарык нурун өткөрүүгө ылайыкталган тунук, сааттын айнегине окшош келип, тунук чел деп аталат. Көз алмасынын сырткы катмарынын тунук челден калган бөлүгү ак түстөгү катуу ткандан турат да, көздүн ак чели (склера) деп аталат.
 
Көздүн ак челинин арт жагында тегерете көз булчуңдары бекип, көз алмасынын кыймылын камсыз кылат.
20-сап:
Көз алмасынын эң ички катмары — тор сымал катмар. Бул көздүн жарыкты жана ар кандай түстөрдү сезүүчү бөлүгү кан тамырлуу катмарды ичинен каптап, өтө татаал түзүлүштө. Тор сымал катмардын эң тереңинде жарык сезүүчү — таякчалар жана колбачалар жайгашкан. Көз алмасынын ички ядросу чечекей, айнек сымал килкилдек жана көздүн астыңкы, арткы камераларындагы суюктуктан турат. Чечекей эки жагы томпок линзага окшош тунук, ийилгич, каректин астында жайгашат. Кирпиктүү денеченин кирпикчелеринин жардамы аркылуу булчуңдардын жыйрылуусунун натыйжасында чечекей өзүнүн калыңдыгын өзгөртүп, алыстан же жакындан даана көрүүгө көздү ылайыктап турат. Анын бул физиологиялык кызматы аккомодация деп аталат.
 
== Жарык нуру тунук чел==
Жарык нуру тунук чел, көз алмасынын камерасындагы суюктук, чечекей жана айнек сымал килкилдек аркылуу тор сымал катмарга өтүп, чечекей жарык нурун сындырып таякчалар менен колбачаларга фокустап түшүрүп турат. Тунук челдин жана чечекейдин томпогунун өзгөрүшү жарык нурун тор сымал катмардын алдына же артына түшүрүп, көрүү начарлайт (к. Астигматизм<ref>{{URL|http://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%90%D1%81%D1%82%D0%B8%D0%B3%D0%BC%D0%B0%D1%82%D0%B8%D0%B7%D0%BC_%28%D0%BC%D0%B5%D0%B4%D0%B8%D1%86%D0%B8%D0%BD%D0%B0%29|Астигматизм (медицина)}}</ref>). Мындай учурда көз айнек кийүүгө туура келет. Тунук чел менен жаа сымал кабыктын ортосундагы көңдөйчөдө көз алмасынын алдыңкы камерасы, ал эми жаа сымал кабык менен чечекейдин ортосунда арткы камера жайгашкан. Алдыңкы камера менен арткы камера карек аркылуу бири-бири менен кошулган. Камера ичиндеги суюктуктун басымынын жогорулашы — глаукоманын белгиси.
== Көздүн жардамчы аппараттары ==
Көздүн жардамчы аппараттарына каш, кирпик, көз жапкактары, жашты бөлүп чыгаруучу органдар жана жаш агуучу жолдор кирет. Алар көздү ар кандай тышкы таасирлерден сактайт. Каш чекеден ылдый карай аккан тердин көз жылчыгына куюлушунан сактаса, кирпиктер чаң, кар жана жамгырдын көздүн жылчыгына киришинен сактайт. Көздүн астыңкы жана үстүңкү жапкактарынын негизин тутумдаштыргыч ткандан турган кабыкча түзүп, сыртынан тери, ал эми ичинен конъюнктива менен капталган. Конъюнктива жеке эле көз жапкычтардын ички бетин каптабастан, көз алмасынын алдыңкы бетин да каптайт. Алдыңкы жана үстүңкү көз жапкагынын кырында кирпиктер жайгашат жана май бездеринин түтүгү ачылат.
 
31-сап:
Көздүн булчуңдары түз жана кыйгач булчуңдардан турат. Бул булчуңдар адамдын башы жана денеси кайсы тарапка бурулса көздүн да ошол тарапка карашын камсыз кылат. Эгер бул булчуңдар туура эмес бекисе же алардын нервдери анча өөрчүбөсө, чалыр көз болууга себеп болот.
 
== Көз оорулары жана жабыркашы ==
 
Көздүн айрым оорулары жугуштуу болот (мисалы, конъюнктивит, трахома, блефарит жана башка). Ал шейшеп, сүлгү, бет аарчы жана башка аркылуу жугат; көп учурда оору козгогучтар көзгө кир кол менен түшөт, ошондуктан көздү сактоо жана ар кандай дарттардан коргоо үчүн өздүк гигиена эрежелерин сактоо зарыл. Айрым учурда улгайган адамдардын чечекейи тунарып, катаракта пайда болот. Көздө суюктуктун нормалдуу айланып туруу процесси бузулганда көздүн ички басымы көтөрүлүп, глаукомага алып келет. Көздүн бузулушу көбүнчө ички органдардын же системалардын кандайдыр бир оорусу менен байланыштуу болот. Борбордук жана четки нерв системасынын, жүрөк-кан тамыр системасынын оорусунда, ууланууда, зат алмашуу, ички секреция бездери бузулганда, ошондой эле көзгө жакын органдардын ооруу процессинин (бет терисинин жана бет сөөгүнүн, мурундун кошумча кобулдарынын оорусунда) таралышынан көздө өзгөрүүлөр байкалат. Бул ооруларды өз учурунда дарылоо көрүүнү сактап калууга жардам берет.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Көз" булагынан алынды