Кыргызстандагы жаан-чачындар: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Кыргызстандын аймагында жаан-чачындын өлчөмүнүн мааниси ар кайсы жерлерде ар башка. Бир жерде ..." |
No edit summary |
||
1-сап:
'''Кыргызстандагы жаан-чачындар.'''
[[Кыргызстан|Кыргызстандын]] аймагында [[Жаан-чачын|жаан-чачындын]] өлчөмүнүн мааниси ар кайсы жерлерде ар башка. Бир жерде жаан-чачындын жылдык саны 1000—1500 мм болсо, экинчи жеринде 100—150 мм. Жалпысынан Кыргызстандын аймагы тегерегиндеги түздүктөргө караганда бийик жайгашкандыктан мында жаан-чачындын саны да көбүрөөк. Жаан-чачын өзгөчө чет жактарындагы батыштан, түндүк-батыштан келген нымдуу аба массаларынын жолунда жайгашкан кырка тоолордун батыш, түштүк-батыш жана түндүк-батыш капталдарында. Фергана кырка тоосунун түштүк-батыш капталдарында жаан-чачындын жылдык саны 1000 мм ден ашат (Ак-Терек-Гава —1090 мм, Демидовка—1084 мм, Чаар-Таш—1057 мм
Жаан-чачындын жылдык нормасы бир эле жерде жылдан-жылга кескин өзгөрүп турат, анткени атмосфералык процесстердин кайталанышы жана алардын интенсивдүүлүгү жылына эле бирдей кайталана бербейт. Мисалы, Бишкекте жаан-чачындын көп жылдык нормасы 400 мм, ал кээ бир жылдарда 150 мм ге чейин түшүп, кээде 600—650 мм ге чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында жылдык жаан-чачындын термелиши 370 мм ден 930 мм ге чейин өзгөрүп турат (нормасы 729 мм). Эң эле чоң айырмалар Түштүк Кыргызстанда 110 мм ден 580 мм ге чейин (нормасы 360 мм ГМС Ош). Нарында 124 мм ден 476 мм ге чейин өзгөрөт (нормасы 269 мм).<br>
[[Category:Кыргызстан]]
[[Category:Азия]]
|