Калпак: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
[[File:Stamp of Kyrgyzstan kalpak.jpg|thumb|150px|Кыргыз калпагы почта маркасында]]
[[File:Kyrgyz Manaschi, Karakol.jpg|thumb|150px|Манасчы]]
'''Калпак''' - кыргыздын [[улут]]тук эркек баш кийими. Көбүнчө ак кийизден жасалгандыктан, '''ак калпак''' деп аталганаталат. Ал алгач агыш (боз) кызгылт түстөгү кылчык, кийин ак уяң жүндөн жасалган. Бышык басылгын кийизден төбөсү бийик, этеги тегерек бычылып, оймо-чийме түшүрүлбөй, төбөсүнө чок чыгарылбай, астарсыз, бир гана тигиш менен бириктирилип, ошол жери маңдай жагы деген. Бара-бара бычымы менен формасы өркүндөтүлүп, көркөмдөлө баштаган. Калпак – бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы. Анын касиетин аны кийип жүргөндөр сезе алышат. Бул байыркы баш кийимди кийген адам илгерки бабаларынын [[тарых]]ына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына бекем байланат. Калпак - кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү. Ата-бабадан кастарланып келе жаткан асыл мүлк. Кыргыз эли эл болуп тузүлгөндөн бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын, улуу күндүн [[символ]]у, ыйык белгиси катары кастарлап, сүр тутуп, сөөлөт санап, көрк катары маанилүү шаң -салтанатка кийип жүргөндүгү жалпы дүйнө элине белгилүү. Кыргыз өмүрү 40- 35 кылымга созулса, кыргыз калпагынын өмүрү да дал ошондой, узак уламалуу [[санжыра]].

=='''Калпак жөнүндөгү элдик макалдар'''==
Калпакчанды өлтүрүүгө болбойт..
Калпакты жерге койбо..
Калпагыңды жоготсоң, башыңды жоготосуң..
Калпагыңды сатсаң, акылыңды сатасың.
Калпакчан жүрсөң оорубайсың; калпак кышкысын жылытат да, жайкысын сергитет.
Түнкүсүн калпагың ар дайым бут жагыңда эмес, баш жагыңда болсун.

=='''Калпак жасоо ыкмасы'''==
Калпакты ак кийизден жасайт. Формасы да ар урууду ар башкача жасалган. Калпактын кийизине уяң ак жүндү жууп- тазалап, тытып, андан соң гана пайдаланган. Кийиз даяр болгондон кийин көркөмдөлүп бычылып, кийин кыркылып алынат. Бычымдарды бири-бирине беттеп тиккен. Оюлуп алынган кийиздин кырларын ак, кара, көк, жашыл [[тукаба]]дан, [[чийбаркыт]]тан, [[сатин]]ден, [[макмал]]дан, [[баркыт]]тан, [[кыжым]]дан кыюу коюп тигип чыккан. Калпактын кырына коюлган түстүү кыюулар адамдын жаш өзгөчөлүгүнө болгон: Балдардын калпагынын кыюусу кызыл, жашыл кездемеден; Жигиттердин калпагынын кыюусу – көк кездемеден; Азаматтардын, орто жашка чейинкилердин калпагынын кыюусу – күрөң, кара кездемеден; улгайып калган карыялардын, аксакалдардын калпагынын кыюусу – ак же ала кездемеден жасалган. Кийинчерээк калпактын турдүү формасы бычылып, бооруна оймо, түр салынып, өзгөчө кооздоп тигиле баштады. Азыркы күндө калпакты синтафондонсинтепондон да жасашат. Бул материалдан жасалган калпактын баасы кийизден жасалган калпакка салыштырмалуу бир топ арзан. Бирок сапаты жана пайдалуугу жагынан табигый жүндөн жасалган калпакка жетпейт.

=='''Кыргыз калпагынын символикасы'''==
''А) Калпактын төбөсүндөгү кайчы сызык (кошуу формасындагы ):''

"https://ky.wikipedia.org/wiki/Калпак" булагынан алынды