Никколо Макиавелли: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Santi di Tito - Niccolo Machiavelli's portrait headcrop.jpg|thumb|300px|right|Макиавелли, Никколо]]
== Чыгармачылык жолу ==
'''Макиавелли, Никколо''' (1469—1527) — [[Коом|коомдун]] жана [[Мамлекет|мамлекеттин]] өнүгүшүнө карата жаңы көз караштарды баяндашкан Ренессанс доорунун идеологдорунун биринчилеринен. Өзүнүн «Тит Ливийдин декадасына ой жүгүртүү» жана «Падыша» деген чыгармаларында Макиавелли мамлекетти жана мамлекеттик ишмердикти түшүнүүгө жаңыча мамиле жасоону адамдын этикалык жаратылыш позициясынан негиздөөгө умтулган. Ал Флоренцияда бир катар мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган. Чыгармаларынын көпчүлүгүн 1512-жылы өзүнүн душманы болгон Медичилер кайра бийликке келгенде камалып, андан соң өз чарбагына айдалып жиберилгенден кийин жазган. Макиавелли иш-аракеттин адамы болгон, ал: «Адегенде жашоо керек, андан кийин гана философиялык ой жүгүртүү керек» деген.<br />
 
[[File:Machiavel Offices Florence.jpg|thumb|right|Макиавелли, Никколо]]
9-сап:
Макиавелли маңызы негизинен эгоизмде болгон адам жаратылышын аныктай турган принциптерди ушундайча сүрөттөйт. Өзүнүн концепциясы үчүн далилдерди аны курчап турган италиялык шаарлардын турмушунан алган.<br />
 
== мамлекеттикМамлекеттик уюм жөнүндө концепция ==
Мына ушул этикалык доктринага таянып, Макиавелли өзүнүн мамлекеттик уюм жөнүндөгү концепциясын түзөт, анын пикири боюнча, мамлекеттик уюм күч колдонуу аркылуу адамзаттын эгоизмине карама-каршы турууга тийиш. Макиавелли Орто кылым үчүн мүнөздүү болгон абстрактуулуктун активдүү каршысы болгон, мунусу менен ал Ренессанстын гуманисттик активдүүлүгүнүн дагы бир тарапкери катарында чыккан. Мамлекет теориясында Макиавелли чиркөө менен динге орун берген эмес. Ал карапайым калк үчүн дин- дин зарылдыгын тааныса да, анын пикири боюнча, керексиз болуп калган католик динине каршы чыккан.<br />
== Фортуна концепциясы ==
17-сап:
«Падышада» Макиавелли акылман падышанын бейнесин сүрөттөп жазат, ал падыша өзүнүн бардык душмандарын жеңүүгө жөндөмдүү болгон арстанча айбаттуу, эң эле митайымга алдатпай турган түлкүчө куу болууга тийиш. Ал мүмкүн болушунча жакшылыктан алыстабоого тийиш, бирок зарыл болгон учурда жамандыкты колдонуудан да качпоого тийиш. Иш-аракеттин ушундай образы Макиавеллиден бери тарта Макиавеллизм деп аталып калат. Макиавеллинин ою боюнча, мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн ар кандай зордукту актоого болот.<br />
Бирок да Макиавеллини эки жүздүүлүктүн жана зордукчулдуктун үгүттөөчүсү катарында элестетүү туура эмес болор эле. Ал баарынан мурда өз заманынын уулу, гуманист болгон. Анын теориялары, концепциялары, көз караштары — ошол доордогу саясый кырдаалдын чагылышы. Макиавеллинин өзү саясаттагы зордоону да, аморализмди да эч кандай актаган эмес. Тескерисинче, ал, падыша, саясатчы элдин пикири менен эсептешүүгө тийиш, элдин үнү — Кудайдын үнү, падыша ийкемдүү болууга тийиш деп эсептеген. Эгерде падыша күч колдонууга барса, анда ал тар мүдөөлүү максат болбоо керек. Күч колдонуу саясатты бузбай, кайра түзөтүшү керек. Макиавеллинин саясый идеалы Рим республикасы болгон. Ошондуктан ал башкаруунун эң мыкты формасы республика болуп саналат, бирок эл арасында граждандык такыбаачылык өнүкпөгөн болсо анда башкаруунун республикалык формасы дайыма эле мүмкүн боло бербейт деп эсептейт. Саясый максатка жетишүү үчүн, Макиавеллинин пикири боюнча, бардык каражаттар актала турган кырдаал түзүлүшү да мүмкүн. Падыша жалпы кабыл алынган мораль нормаларын жетекчиликке алууга тийиш, бирок, эгерде мамлекеттин кызыкчылыгы адеп-актык талаптарын этибарга албай турган иш-аракеттерди талап кыла турган болсо, анда ага да баруу керек.
 
 
== Колдонулган адабияттар ==
* [http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/philosophy_blinnikov.pdf Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8]
 
[[Категория:Философия]]