Миң теке тоосу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Миң теке тоосу Түркстан кырка тоосунун түндук тарабында меридиан багытында 20 км. ге чейин созул..."
 
No edit summary
1-сап:
'''Миң теке тоосу''' - Түркстан кырка тоосунун түндук тарабында меридиан багытында 20 км. ге чейин созулуп жатат. Туурасы 6–7 км. [[Баткен району|Баткен районунун]] аймагында. Батышынан Тамынген, чыгышынан Миңтеке суулары (Каравшиндин оң куймалары) менен чектешет. Орточо бийиктиги 4000–4100 м, эң бийик жери Гранит чокусу (5278 м). Тоо түндүктөн түштүккө карай бийиктейт; Түркстан кырка тоосуна тутумдашкан жери аска-зоокалуу келип,мөңгүлөр бар. Капталдары тик, терең тилмеленген. Байыркы мөңгүнүн издери (морена, тепши сымал өрөөндөр ж.жана б.башка) кездешет.Тоо сланец, конгломерат, акиташ жана башка тектеринен турат. Капталдарына арча, бадал аралашкан шалбаалуу талаа (2900 м бийиктикке чейин), субальп жана альп талаасы (3300 мге чейин), андан жогору нивалдыкгляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайкы жайыт.
==Колдонулган адабияттар: Кыргыз улуттук энциклопедиясы==
 
* Кыргыз улуттук энциклопедиясы
 
[[Категория:География]]
Колдонулган адабияттар: Кыргыз улуттук энциклопедиясы
[[Категория:Баткен району]]
[[Категория:Кыргызстан]]