Монтескьё: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 67 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q15975 (translate me)
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Montesquieu 1.png|thumb|250px|right|Монтескье, Шарл Луи]]
'''Шарл Луи Монтескье''' (1689—1755) — француз Агартуусунун философиясынын өкүлү. Ал гаскондук дворян тукумунан чыккан. Классикалык жана юридикалык билим алып, сот мекемелеринде ар түрдүү кызматтарда иштейт, бул ага ошол кездеги [[Франция|Франциянын]] юридикалык практикасын иликтеп-үйрөнүүгө мүмкүндүк берет. Андан кийин бул иштен четтеп кетет да, өзүн табият жана коомдук илимдерди иликтеп үйрөнүүгө арнайт.
== Чыгармалары ==
Анын алгачкы адабий таржыйбасы — «Персиялык каттар» романы (1721) — зор ийгиликке ээ болот. Мында ал феодалдык- абсолюттук бийликти сынга алат. «Мыйзамдардын духу» (1747) деген эмгеги Монтескьенин башкы чыгармасы деп эсептелинет. Мындан башка да «Римдиктердин улуулугунун жана кулашынын себептери жөнүндө ой жүгүртүү» (1734) деген эмгекти жазган.<br />
12-сап:
Ар бир социалдык структурада Монтескье тигил же бул адамдык кумар ышкылыкты башкы нерсе деп эсептейт, ал кумар-ышкылык туруктуу абал сакталып тургандай аракеттенүүгө мүмкүндүк берет. Республика үчүн изгилик, монархия үчүн — ар-намыс, деспотия үчүн — коркунуч мүнөздүү. Эгерде тигил же бул «кумар-ышкылык» же психологиялык принцип начарласа, анда башкаруунун бул образы кыйрайт. Муну менен Монтескье башкаруунун образы менен элдердин психологиясынын ортосунда белгилүү бир байланыштын бар экендигин ачкан, бул байланыштын маанилүү негизи болгон. Монтескье бул байланышты климат, жер кыртышы жана рельефи башкы ролду ойногон географиялык чөйрөдөн алып келип чыгарган.<br />
Монтескьенин окуусунун курамдык бөлүгү — «бийликти бөлүү» концепциясы, бул кандайдыр бир даражада Локктун идеяларын өнүктүргөндүк болгон. Монтескье мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бийликтерин бөлүү башкаруунун ар кандай формасынын тушунда, монархиянын да, демократиянын да тушунда орун алууга тийиш. Ал мындай деп жазат: «мыйзамдарды чыгаруучу бийликти, жалпы мамлекеттик мүнөздөгү токтомдорду ишке ашыруучу бийликти жана жеке адамдардын кылмышкерлигин жана күнөөлөрүн соттоочу бийликти» бөлүү зарыл. Ушул бардык бийликтер бөлүнгөн мамлекеттик түзүлүш гана «адамды мыйзам милдеттендирбей турган нерсени иштөөгө жана ага мыйзам жол берген нерсени иштөөгө мажбурлабай турган» абалды камсыз кыла алат [Танд. чыгарм. М., 1955. 290-291-6.]. Монтескьенин бул концепциясы зор демократиялык мазмунга ээ болгон жана бүгүнкү күнгө чейин өз маанисин жогото элек.<br />
 
 
 
 
 
 
== Колдонулган адабияттар ==
* [http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/philosophy_blinnikov.pdf Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8]
 
[[Category:Философия]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Монтескьё" булагынан алынды