Мекенчилдик: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Патриоттук''' (грек. πατριώτης–мекендешπατριώτης – мекендеш, жердеш, πατρίς–ата мекен) – Ата Мекенди сүйүү, анын кызыкчылыгын жеке кызыкчылыктан жогору экенин көрсөткөн адептүүлүк жана саясий принцип. Патриоттук жеке кызыкчылыкты мекен же [[Эл|элдин]] кызыкчылыгына баш ийдирүү, аны коргоого даяр туруу, мекенинин маданий ж.жана б.башка жетишкендиги, анын өзгөчөлүктөрү менен сыймыктануу, аларды сактоого болгон аракет аркылуу чагылдырылат. Ал акырындап кылымдар бою башкалардан обочолонуп отуруп калыптанган өлкө, туулган жер, тил, каада-салтка болгон ыйык сезимдин жыйындысы болуп саналат. Улуттун жаралышы, улуттук мамлекеттердин түзүлүшү менен Патриоттук коомдук аң-сезимдин ажырагыс бөлүгүнө айланган. Анын төмөнкүдөй формалары белгилүү: полистик Патриоттук – антикалык шаар-мамлекеттерде сакталган; империялык Патриоттук – өз империясы жана өкмөтүнө көрсөткөн лоялдуу мамиле; этникалык Патриоттук – өз этносуна болгон сүйүү; мамлекеттик (улутчулдук) Патриоттук – өз мамлекетине болгон сүйүү; квастык Патриоттук (ура-патриоттук) – өз өлкөсү, элине болгон өзгөчө, адаттан тышкары сүйүү. Булардан тышкары Патриоттукка жамынып, өзүнүн жеке мүдөөсүн коргогон учурлар да кездешет. Буга байланыштуу аны сынга алуу, тануу, терс сапат катары санагандар көп болгон. Мисалы, Л. Толстой Патриоттукту «орой», «зыяндуу», «адепсиздик» деп бааласа, В.И. Ленин апрель тезистеринде Убактылуу өкмөткө макул болгондорду сынаган, ал эми проф.профессор П. Гомберг (АКШ) расизмге салыштырган.
 
[[Category:Дүйнө]]