Жан-Поль Сартр: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 104 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q9364 (translate me)
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Jean-Paul Sartre FP.JPG|250px|thumb|right|Сартр, Жан-Поль]]<br />
'''Жан Поль Сарт'''р (1905—1980) — француз философу, атеисттик экзистенциализмдин өкүлү. Ал ошондой эле жазуучу жана сынчы, [[Франция|Франциянын]] саясый турмушуна эпкиндүү катышкан.<br />
Парижде демейки Жогорку мектепте билим алат да, кийин [[Париж|Париждеги]] жана башка шаарлардагы бир катар лицейлерде сабак берет. Экинчи дүйнөлүк согушта солдат катарында катышып, Германияда согуш туткундары үчүн лагерде тогуз ай жашайт. Бошогондон кийин Каршылык көрсөтүү кыймылына катышат. Согуш аяктагандан кийин социалисттик жана экзистенциялык басылма болгон, бир айда бир жолу чыгуучу «Новое времянын» редактору болот. 1964-жылы ага адабият боюнча Нобель сыйлыгы ыйгарылат, бирок ал бул сыйлыктан баш тартат. 1968-жылы май айынан, Франциядагы жаштар кыймылынан бери тарта эпкиндүү саясый иш-аракеттерди жүргүзөт.<br />
== Негизги чыгармалары ==
Сартрдын негизги чыгармалары төмөнкүлөр: «Кыялдануу» (1936), «Эмоциялар теориясынын эскиздери» (1939), «Кыялдагы нерселер» (1940), «Бытие жана жок нерсе» (1943), «Экзистенциализм — бул гуманизм» (1946), «Кырдаалдар» (1947—1964), «Усул проблемалары» (1947), «Диалектикалык акыл-ойго сын» (1960). Аталгандардын баарысы философиялык эмгектер. Мындан башка да ал көркөм чыгармаларды жазган: «Жүрөк айнуу» (1938), «Эркиндикке карай жолдор» (1946—49), «Чымындар» (1943), «Капаста» (1945), өмүр таржымалы жөнүндө «Сөздөр» (1964) деген чыгарма. «Эркиндикке карай жолдор» деген үчилтиги XX кылымдын адабиятынын классикалык чыгармасы деп эсептелет.
48-сап:
 
== Колдонулган адабияттар ==
* [http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/philosophy_blinnikov.pdf Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8]
 
[[Категория:Философия]]