Сентиментализм: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Сентиментализм (фр.— сезгичтик) — адам сезимин, курчаган чөйрөнү өзгөчө сезимталдуулук менен с..."
 
No edit summary
1-сап:
'''Сентиментализм''' (фр.— сезгичтик) — [[адам]] сезимин, курчаган чөйрөнү өзгөчө сезимталдуулук менен сүрөттөп берууну, каармандардын түйшүктөрүн, кайгы-муңун көбүрөөк чагылдырууну көздөгөн адабий агым. Ал агымдын алгачкы негиздери XVIII кылымда Англияда пайда болуп, анын өнүгүшүнө буржуазиялык коомдун ичиндеги ар түрдүү карама-каршылыктар, капитализмдин алгачкы белг-леринин активдешиши таасир эткен. «Сентиментализм» деген термин англиялык жазуучу Лоренс Стерндин «Сентименталдык саякат» аттуу чыгармасынан алынып, кийин адабий агымдын наамын билдирип калган. Сентименталисттер адамдардын ички кубаныч-кайгыларына бөтөнчө маани беришкен, окурмандарды жана көрүүчүлөрдү ыйлатууга аракет жасашкан жана көп учурда бул багыттагы аракеттери турмушту ар тараптуу көрүүгө, адамды коомдук мамиледе сүрөттөөгө тоскоолдук кылган. Баяндоонун жаңы формалары: саякат күндөлүктөрү, эпистолярдык роман-повесттер өтүмдүү жанрларга айланды. Эпикалык чыгармаларда лиризм, психологизмге бөтөнчө маани берилди, тилдик жактан эмоционалдуу лексика көп колдонулду. Руссо башында турган активдүү сентименталисттер коомдук турмушту өзгөртүү маселелерин көтөрүп чыгышты.
==Колдонулган адабияттар==
 
Булак:* http://kyrgyzinfo.ru
[[Категория:Ден соолук]]
[[Категория:Психология]]