Чапкылоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Элдик зергерчиликтин бир ыкмасы. Бул — бетине ар түркүн издерди түшүрүү аркылуу буюмду кооздоо..."
 
No edit summary
1-сап:
'''Чапкылоо''' - Элдик зергерчиликтин бир ыкмасы. Бул — бетине ар түркүн издерди түшүрүү аркылуу буюмду кооздоо. Металл бетине оюм-чийим түшүрүү. Муну бүгүнкү зергерлер абдан пайдаланышат. Алар [[жез]], мис, коло, датчалбас, нейзильберь, мельхиор, калай өңдүү заттарды тандабай, бирдей даражада иштетүүлөрүнөн билинүүдө. Бул ыкма менен зергерлердин өз колунан жасап алган аспап-чапкыларынын көп түрү бар. Аны бири-биринен чатыштырбай, темир бетине даана чаба билүүсү менен буюмдарга кайталангыс кооздук берилет.<br />
 
Ар бир аспабын жасоодо зергер өзүнүн жекече «кыял чабыттарын» негиз кылып алат. «Айыш чапкы» деген ошол зер буюмга «жээк» салат. Оюм-чийимдин кичине чоңуна карата «ат туяк», «тай туяк» деген чапкылар колдонулат. Учун беш кыр кылып чыгарган, кичине — чоң мыктан жасаган «жылдызча» өңдүү чапкы буюмдун түрлөрүн асемдүү кылат. «Чаар чапкы» оюм-чийимдин тегерегине көп чекит түшүрөт. «Чуңкур такта», «тоок көз» андан да майда «чымчык көз» өңдүү чапкылардын өзүлөрүнүн өз алдынча, бири-бирин кайталагыс кооздук берүүчү бөтөнчөлүктөрү бар. Зергердин «кар чапкы» дегени чилдеде кымкарлап жааган кардын кандайдыр жылдыз кейиптенип кеткенин элестетет. «Кайчы кулак», «кыял ачаке» чапкыларынын түшүргөн кооздуктары адамды суктантат.<br />
6-сап:
 
==Маалыматтын булагы==
* [http://bizdin.kg/component/k2/item/173-kyrgyz_kol_onor Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9]
[[Category:Кыргыз кол өнөрчүлүгү]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Чапкылоо" булагынан алынды