Мартин Хайдеггер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
өчүргөнгө
1-сап:
[[File:Heidegger Martin.jpg]]
'''Мартин Хайдеггер''' (1889—1976) — экзистенциализмдин негиз салуучусу. Экзистенциализм идеялары мурда эле Г. Марселдин, К. Ясперстин жана башкалардын эмгектеринде көтөрүлгөн болсо да, Хайдеггер «Бытие жана убакыт» (1927) деген монографиясында биринчи жолу философияда экзистенциалисттик мамиленин негизги принциптерин системалуу түрдө баяндоого аракет жасайт.
Бул китептен башка да, Хайдеггер төмөнкүлөрдү жазган: «Кант жана метафизика проблемалары» (1929), «Метафизика деген эмне?» (1930), «Метафизикага кириш сөз» (1935), «Платондун акыйкат жөнүндө окуусу» (1942), «Жалгыз аяк жалган жолдор» (1950), «Ницше» (1961, 2 томдук) ж.б.
Хайдеггер [[Германия|Германияда]] Баденде туулган. Ал философияны Фрейбург университетинде окуп үйрөнөт, анда 1916-жылдан 1929-жылга чейин Гуссерль сабак берет. Марбургда профессор болот, андан кийин 1928-жылы Фрейбургга кайтып келет да, нацисстер менен байланышынын аркасында 1933-жылы бул университеттин ректору болот. Инаугурациялык сөзүндө ал национал-социализмди жигерлүү мактап, өзүн нацисттик кыймыл менен ачык эле байланыштырат жана азыркы саясаттын тилин өзүнүн философиялык тили менен бириктирүүнү коргойт. Бирок, он айдан кийин отставкага чыгат да, саясаттагы активдүү иш-аракеттен кетет. 1966-жылы сентярбде «Шпигель» газетасына берген интервьюсунда Хайдеггер ага каршы отуз жылдан ашык убакыт бою айтылып келген жемеге жооп берет, бирок бул интервьюну басып чыгарууга тыюу салынып, ал Хайдеггер өлгөндөн кийин беш күн өткөндө 1976-жылы 5-майда гана жарыяланат. Бул интервьюсунда Хайдеггер герман университетинин өз алдынчалыгын сактоого үмүттөнгөнүн, бирок ага «кээ бир компромисстерсиз муну иштөөгө мүмкүн болбогонун» айтат. Ошол кезде, ал, ошондой эле өзү национал-социализмден «недир бир жаңы нерсенин бар экенин, жылт эткен бир жаңылыктын бар экенин» көргөнүн да айтат. 1933- жылы ал студенттерге: «Өзүңөрдүн жашоо-турмушуңарга доктриналардын жана идеялардын үстөмдүк кылышына жол бербегиле. Фюрердин өзү жана жалгыз ошол гана Германиянын жана аны башкаруунун бүгүнкүсү да, келечеги да болуп саналат» деген өтүнүч менен кайрылат.
Интервьюда ал мындай дейт: «Бүгүн мен сиз цитата келтирген сөздөрдү жазбас элем. А түгүл 1934-жылы да мындай нерселерди айтпас элем». Мүмкүн, Хайдеггердин позициясы, анын технологиялык коомдогу маданиятка каршы тенденциядан корккондугу жана нацисттерден эски маданиятты жана бул маселеде Германиянын миссиясын бекемдөөгө умтулган адамдарды көргөндүгү менен түшүндүрүлөр. Балаа басып, аны нацизмди кабыл алууга алып келген түпкү позиция,— нацизм Хайдеггер көздөгөн максатты таптакыр көздөбөй турганын билгенге чейин,— анын кийинки эмгектеринде да кала берген.
Хайдеггер өзүнүн философиясын Бытиени изилдөө катарында көрсөтөт. Аны экзистенциалист деп эсептешет, бирок ал өзү мындай байланышты танып, инсандык жашоо-турмуш эмес, дал Бытиенин өзү ал кызыккан башкы маселе экенин айтат. Анын эмгеги негизинен таң каларлык фактынын чордонунда жаткан жана «нерселер бар болуп жашап турат» дегенди билдирген маанинин айрым бир кырын издөөгө багытталган. Ал Кьеркегорго жана өзүнүн окутуучусу — Эдмунд Гуссерлиге көп жагынан милдеттүү. Өз кезегинде Хайдеггер Сартрга чоң таасир көрсөткөн.
15-сап:
Хайдеггер чыныгы жашоо-турмуш моралдык жактан чыныгы эмес, жасалма жашоо-турмуштан артыкчылык кылат деп ырастагысы келбейт. Анын ою адам Оазет структурасын түзөт жана ал муну Бытиени бирбүтүн нерсе катарында түшүнүү үчүн иштейт дегенде турат. Бул убактылуу мүнөзгө ээ болгон жекече жашоону бирбүтүндүк менен байланыштырып турган нерсе, анткени инсан убакыт ченеминде жашап турган жөн гана кимдир бирөө эмес, бирок ал убактылуу жашай турган жан, б.а. өткөндөгүсү, бүгүнкүсү жана келечеги бар жан, булар түбөлүк өз ара аракетте болуп, кайра кайталанып жаралып, жеке жашоону түзүп турат. Жашоонун убакыттан турган структурасы — өздүк аң-сезимдин жана аракеттин шарты, ошондой эле эмне үчүн бул бытие бирбүтүн катарында жашап турат деп суроо берүүгө боло турган, чоң дүйнөнү жана бардык бар болуп тургандарды постулаттоого жөндөмдүү келген бытиенин шарты.
Хайдеггердин чыгармалары өтө эле татаал тил менен жазылгандыктан түшүнүү кыйын. Кеп, анын абстрактуу маселелерге сүңгүп кирүүгө умтулгандыгында эле эмес, кеп ошондой эле ал тилди өзгөчө бир жол менен пайдаланып, жеке өзүнүн сөздүгүн түзгөндүгүндө жана жаңы курамдык сөздөрдү түзүү үчүн немец тилинин жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга умтулгандыгында. Тактоочторду, предлогдорду, байламталарды, ат атоочторду Хайдеггер зат атоочторго айландырат. Семантикалык өзгөрүүлөрдүн узак тарыхын башынан өткөргөн сөздөр алардын эски маанисинде колдонулат. Специализацияланган идиомалар алар демейде колдонула турган чектерди алда канча кеңейтүү менен жалпыланат. Тамаша ирээтинде бура айтылуучу сөздөр да жалпы кабыл алынып жүргөндөн башкача түрдө чыгат жана көп учурда башкы сөз бир нече мааниде, ырааты менен же бир эле убакта пайдаланылат.
==Колдонулган адабияттар==
 
* [http://bizdin.kg/books/item/178-philosofy ''Блинников Л.В.'' Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8]
[[Категория:Инсандар]]
[[Категория:Германия]]