Любляна: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Ljubljanica 2.jpg|thumbnail|right|Любляна]]
'''Любляна шаары''' – [[Словения|Словения Республикасынын]] борбору. Словениянын борбордук бөлүгүндөгү Любляна ойдуңунда жайгашкан. Крайна тарыхый облусунун административдик борбору. Калкы 257,7 миң (2010; калкынын көпчүлүк бөлүгү орус тилин жакшы билишет). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Славяндардын тургун жайы катары 1144-жылдан белгилүү. 13-кылымдын 2-жарымынан шаар. 1335– 1918-ж. (1809–13-ж. мезгил-мезгили менен Иллирий провинциясынын административдик борбору) габсбургдардын бийлиги астында болгон. 1918-ж. Сербдердин, хорваттардын жана словендердин королдугу (1929–92-ж. Югославия) түзүлгөндөн Любляна – Словениянын, 1992-жылдан көз каранды эмес Словения Республикасынын борбору. Машина куруу, химия, фармацевтика, текстиль, тамак-аш, булгаары– бут кийим, жыгаччылык, кагаз, полиграфия өнөр жай ишканалары иштейт. Град сепили (9–19-к.), епископтордун барокко стилиндеги ак сарайы (16–18-к.), Ыйык Якоб (17-к.), урсулинкалардын Ыйык Троица (18-к.) чиркөөлөрү, Ыйык Николай собору (18–19-к.), ратуша (18-к.), Антика Эмон шаарынын калдыктары (5-к.), 16–19- кылымдагы архитектуралык эстеликтер сакталган. Архитектор Й. Плечниктин улуттук колориттеги курулуштары, Революция аянтында ансамбль (1963–75), Словениянын Илимдер жана искусство академиясы, университет (1595), улуттук этнографиялык музей, улуттук галерея жана башкалар бар. Эл аралык ярмаркалар, фестивалдар өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.
'''Любляна''' -[[Европа]]дагы [[шаар]], [[Словения]]нын [[башкалаа]]сы жана ири [[экономика]]лык, [[маданият|маданий]] борбору.
==Колдонулган адабияттар==
 
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
 
'''Европа борборлору:'''{{Портал:Европа/Европа мамлекеттеринин борборлору}}
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Любляна" булагынан алынды