Лондон: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 207 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q84 (translate me)
No edit summary
49-сап:
}}
 
'''Лондон''', Чоң Лондон (Greater London) – Улуу Британия Кошмо королдугунун жана Түндүк [[Ирландия|Ирландиянын]] борбору. Түндүк деңизинин жээгинде, Темза дарыясынын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан порт (жылына 60 млн т жүк ташылат). Калкы 8,2 млн (2011). Калкынын саны боюнча дүйнөдөгү эң ири шаарлардын бири. Эл аралык аэропорттору (Хитроу жана Гетуик) бар. Чоң Лондон конурбациясынан (33 шаар округунан) турган өзгөчө административдик бирдикти – метрополитен графтыгын түзөт. Лондон – дүйнөлүк финансы, ишкер, маданий жана туристтик борбор.
Ло́ндон (англ. London [ˈlʌndən] (i)) – Улуу Британия Бириккен Падышалыгынын жана Түндүк Ирландиянын борбору, Англиядагы шаар. Административдик түрдө, церемониалдык Чоң Лондон жана Сити графтыктарынан турган, Чоң Лондон аймагын түзөт.
Лондонго тиешелүү райондор – Сити, Вестминстер (король резиденциясы; Бyкингем ак сарайы), Уэст-Энд (заманбап курулуштар жана соода түйүндөрү), Ист-Энд (шаардын эски бөлүгү жайгашкан). Булар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Вестминстер аббатчылыгында готика стилиндеги чиркөө Генрих VIIIнин капелласы менен (1503–19), Тауэр чеби (11-к.), Хэмптон-корт ак сарайы (1515), Ыйык Павел собору (1675–1710, арх. К. Рен) сакталган.
 
Лондон римдиктер тарабынан биздин заманга чейин 50-жылдары чеп катары (Темза дарыясынын боюнда) негизделип, кийин дарыя жана деңиз соода порту, 1-кылымдын 2- жарымынан Римдин Британ провинциясынын борбору. 5–6-кылымда англ-сакстар басып алган, 7- кылымдан порт жана соода борбору катары кайра калыбына келе баштаган. 604-жылдан епископчулуктун борбору. 9–11-кылымда бир нече жолу викингдердин кол салуусуна дуушар болгон. Англияны норманндар караткандан (1066) кийин соода байланышы күчөп, 11-кылымдын аягы – 12- кылымдын башында Англиянын расмий борбору. 1265-ж. шаарда 1-жолу парламент чакырылган. 16-кылымда Лондондо ири соода кампаниялары (Москва кампаниясы, 1554 же 1555; Британиялык ОстИндия кампаниясы, 1600 ж. б.) түзүлгөн. 18- кылымдын башында Лондон дүйнөлүк финансы борборуна айланып, Лондон Ситиге эбегейсиз капитал топтолгон. 1800-ж. Лондондун калкы 1 млндон ашкан. 1829-ж. Лондондо омнибус пайда болгон, 1860– 63-ж. дүйнөдөгү биринчи метрополитен курулган. 19-кылымда Лондон жумушчу кыймылынын ири борбору жана чартисттик кыймылдын (к. Чартизм) очогу болгон. 1847-ж. Лондондо коммунисттер союзунун 1-, 2-конгресстери өтүп, 1864-ж. 1-Интернационал негизделген. 1900-ж. Лондондо Лейбористтер партиясы түзүлгөн. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында анда революциячыл эмигранттар К. Маркс (1849–83), Ф. Энгельс (1870–95), Париж коммунасынын (1871) көп мүчөлөрү, А. И. Герцен жана башка иш жүргүзгөн. «Искра» гезити чыгарылган. Лондондо Лениндин жетекчилиги менен 1903–07-ж. РСДРПнин 2-, 3-, 5-съезддери өткөрүлгөн. 1920-ж. 31-июль – 1-августта Лондондо Улуу Британия компартиясынын уюштуруу съезди болгон. Экинчи дүйнөлүк согушта германиялык авиациянын бомбалоосуна дуушар болуп, шаарды калыбына келтирүү 1950-жылдардын биринчи жарымына чейин созулган. Лондондун бүткүл шаардык агломерациясы 1965-жылдан Чоң Лондон деп аталат. Лондондо 1949-жылдан тынчтыкты коргоо боюнча улуттук конгресстер жана конференциялар өткөрүлөт. Лондондо көптөгөн дипломатиялык жолугушуулар, кеңешмелер жана эл аралык конференциялар болуп турат. Өнөр жайынын негизги тармактары: машина (негизинен авиа) жана прибор куруу, металл иштетүү, кеме ремонттоо, электр-техника, радиоэлектроника, тамак-аш – татымал, кагаз, полиграфия, химия, тигүү жана башка. Өлкөнүн илимий жана маданий очогу. Университет (1836), Лондон королдук коому (1660), Британия (1901) жана Королдук искусство академиялары, Лондон географиялык коому, техникалык ЖОЖ, Улуу Британия королдук институту жана башка илимий мекемелер жана илимий коомдор бар. Үч жүздөн ашык музей (анын ичинде Британия музейи, Виктория жана Альберта музейи жана башка), улуттук жана Тейт галереялары, Уоллес жыйнагы, 80ге жакын театр (анын ичинде «Олд Вик», королдук Шекспир театрынын филиалы, «Ковент-Гарден», «Ройял-Корт», «Друри-Лейн») жана башка иштейт. IV, XIV, ХХХ олимпиялык оюндар (1908, 1948, 2012) өткөрүлгөн. Лондондогу Хайгет бейитине К. Маркстын сөөгү коюлган.
Калкы - 8,2 млн киши (2011 жыл), Евробиримдиктеги эң чоң шаар. Метрполитен чегинде 12 миллиондон жогору адам жашап, «Чоң Лондон» агломерацияны түзөт. Улуу Британия аралынын түштүк-чыгышында, Темза дарыясынын жээгинде, Түндүк деңизинен 80 км алыстыкта жайгашкан.
 
Нью-Йорк шаары менен дүйнөлүк алдыңкы каржы борбору наамы үчүн күрөшкөн, глобалдык шаарлардын бири. Дарыя жана деңиз порту; алты аэропорт; эң эски дүйнөдөгү метрополитен. 40тан ашык ЖОЖ (Жогорку Окуу Жайы) иштейт. Британ музейи жана дүйнөдөгү эң чоң Британ китепканасы орун алган.
 
Тарых борборун Орто Кылымдагы Тауэр чеби жайгашкан, Вестминстер жана Сити райондору түзөт. 1666 жылы өрттөн улам шаар катуу талкалоого учураган.
43 жылы римдиктердин Британияга жасаган кол салууларынан кийин, римдиктер менен Лондиниум аты менен түзүлгөн. XI—XII кылымдарда Англиянын борбор шаарына айланган. XVIII кылымдын башында Улуу Британиянын борбору жана Европанын эң чоң шаарына айланды. XVI кылымдан XX кылымга чейин Британ империясынын борбору болуп турду. 1825 жылдан 1925 жылдары дүйнөдөгү эң чоң шаар болгон.
 
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
 
[[Category:География]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Лондон" булагынан алынды