Лаэ шаары: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
(Айырма жок)

16 май 2015, саат 08:14 учурдагы нуска

Лаэ шаары – Папуа-Жаңы Гвинея Республикасындагы шаар. Моробе провинциясынын административдик борбору. Жаңы Гвинея аралынын чыгыш жээгинде жайгашкан. Калкы 96,2 миң (2010); калкынын саны жана чоңдугу боюнча өлкөнүн борбору Порт-Морсбиден кийинки 2-шаар. Жол тоому. Өлкөнүн ири деңиз порту (2005-ж. 2,4 млн тонна жүк ташылган; контейнер терминалы бар). Автомобиль магистралынын баштапкы пункту. Аэропорту бар. 1920- ж. негизделген. Ири цемент заводу, жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Технологиялык университет бар. Ботаникалык бак уюштурулган.

Колдонулган адабияттар

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7