Лос-Анжелес: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
(Айырма жок)

16 май 2015, саат 08:29 учурдагы нуска

Лос-Анжелес шаары – АКШнын түштүгүндөгү ири порт шаар (жылына 25 млн т жүк ташылат). Тынч океандын жээгинде жайгашкан. Калифорния штатында. Калкы 3,9 млн (2010; Чоң Анжелестики шаар айланасы менен 13 млн). Шаар түндүктөн түштүктү карай 80 кмге созулуп жатат. Эл аралык аэропорту бар. АКШнын батышындагы башкы экономикалык борбор. Авиа-космос, радиоэлектроника, машина куруу, аскер, хим., тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Шаардын аймагынан нефть казылып алынат. Кино өнөр жайынын жана видео бизнестин (Голливуд) башкы жана илимий-изилдөөнүн ири борбору. Үч университет (анын ичинде Түштүк Калифорния), музейлер (анын ичинде Лос-Анжелес графтыгынын табигый тарыхы жана искусствосу жана башка) бар. Шаарды суу менен камсыз кылуу үчүн Оуэн көлүнөн жана Колорадо дарыясынан суу алынат. Лос-Анжелесте X, XXIII олимпиа оюндары (1932, 1984) өткөрүлгөн. Шаардын четинде деңиздик климаттык курорт жайгашкан. 1781-ж. испандар тарабынан негизделген. 1848-ж. чейин Мексиканын курамында болгон. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7