Лорилер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Лорилер''' (Lorisidae) – чала маймылдар тукуму. Дене узундугу 22–26 смден 35–40 смге жетет. Куйругу кыска же узун, кээде жок болушу да мүмкүн. Манжасы бутак кармоого ыңгайланган. Көзү чоң, айрымдарыныкы тегерете кара алкак менен курчалып, ак сызык менен бөлүнгөн. Кулагы кичине. Тиричилигин түнкүсүн көбүнчө бакта өткөрөт. Бактын бутагын бекем кармап, башын же жонун төмөн каратып илинип турат. Күндүз жыгач оюгунда же калың жалбырак арасына уктайт. Ылгабай азыктанат. Бир аз топ түзүп, жалгыздан же түгөйү менен жүрөт. 1–2 бала тууйт, алар бир суткадан кийин эле бакка илинип жүрө алат. Лорилердин 2 тукумчасы, 4 уруусу, 11 түрү Түндүк Чыгыш Азияда, [[Африка|Африкада]] таралган.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
[[Категория:Биология]]
[[Категория:Жаныбарлар]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Лорилер" булагынан алынды