Михаил Ломоносов: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Ломоносов Михаил Васильевич''' (8. 11. 1711, Россия[[Орусия]], Архангел облусу, Денисов кыштагы – 4. 4. 1765, Петербург шаары) – биринчи орус окумуштуусу, табият таануучу, физикалык химияны негиздөөчүлөрдүн бири, [[акын]], [[сүрөтчү]], [[тарыхчы]], тилчи, орус билим берүүсүнүн жана илиминин өз алдынча өнүгүшүн жактоочу. 1731-ж. Москвадагы Славян-грек-латын академиясында, 1735-ж. Петербургдагы Академиялык университетте, 1736– 41-ж. Германияда билим алган. 1742-жылдан Россия ИАнын физика классынын адъюнкту, 1745-ж. Петербург ИАнын химия боюнча 1- орус академиги болуп шайланган. 1748-ж. 1-химиялык лабораториясын түзгөн. Ломоносовдун демилгеси менен Москва университети негизделген. Ломоносовдун ачылыштары илимдин көп тармактарын байыткан. Заттын молекула-кинетикалык теориясынын негизги жоболорун иштеп чыккан. «Жылуутек» деген теорияга каршы туруп, жылуулук заттардын бөлүкчөлөрүнүн кыймылы менен шартталгандыгын белгилеген. Материя менен кыймылдын сакталуу принцибин, атмосферадагы электр кубулушун жана оордук күчүн аныктаган. Оптикалык приборлорду ойлоп чыгарган («түндө көрүүчү түтүк», күзгүлүү телескоп). Чолпон планетасында аба катмары бар экенин ачкан. Жердин түзүлүшүн аныктап, пайдалуу кендердин, минералдардын келип чыгышын түшүндүргөн. Орус тарыхы боюнча китептердин автору. Мозаика өнөрү менен смальта өндүрүүнү калыбына келтирип, шакирттери менен мозаикалык сүрөттөрдү жараткан. Сүрөт академиясынын мүчөсү болгон (1763). 1956-ж. СССР ИА табият жана гуманитардык илимдер боюнча көрүнүктүү эмгектерге берилүүчү Ломоносов атындагы эки алтын медалды (биринчиси советтик, экинчиси чет элдик окумуштууга берилүүчү) белгилеген. Ленинград облусундагы шаар, Атлантика океанындагы агым, тоо чокусу, Түндүк муз океанындагы суу чокусу, Батыш Шпицберген аралындагы дөңсөө Ломоносовдун ысымын алып жүрөт. Эмгектери: Полное собрание сочинений Т. 1–10. М.; Л., 1950–83; Избр. труды по химии и физике. М., 1961; Избр. произведения. М., 1986. Т. 1–2.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
[[Категория:Инсандар]]
[[Категория:Орусия]]