Липа: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Липа''', жөкө дарак (Tilia) – өсүмдүктөрдүн липалар тукумундагы жалбырагы күбүлмө дарактар уруусу. Бийиктиги 15–25 м, айрымдары 40 мге жетет. Сөңгөгүнүн жоондугу 2–5 мдей. Жалбырагы көбүнчө тишчелүү, сабакта кезектешип жайгашат. Гүлү агыш же саргыч, жыттуу. Топ гүлү – калканча же чачы сымал. Мөмөсү – жаңгакча. Липа демейде 150, айрым түрлөрү 500дөн ашык жылга чейин өсөт. Уругунан жана чырпыгынан көбөйөт. Липанын дүйнөдө 50дөй, КМШ өлкөлөрүндө 17 түрү бар. Кеңири таралган түрлөрү – жүрөк сымал липа, европа липасы, амур липасы. [[Кыргызстан|Кыргызстанда]] атайын өстүрүлөт. Липа кооз болгондуктан, жашылдандырууда колдонулат, балдуу өсүмдүк. Гүлү («липа гүлү») дары каражаты катары, чайга, шарапка жыт берүү үчүн пайдаланылат. Жыгачы буюм жасоодо да пайдаланылат.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
[[Категория:Биология]]
[[Категория:Өсүмдүктөр]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Липа" булагынан алынды