Лиман: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Лиман''' (гр. limen – гавань, бухта) – 1) жээктери жапыз, ийри-буйру узун булуң. Түздүктөгү дарыялардын чатын же жээктердеги оёң жерлерди деңиз суусу жайпап калышынан пайда болот. Лимандар деңизди карай ачык (мисалы, колтуктан) жана жабык (деңизден саяң аркылуу бөлүнүп турган) болот. Адатта, лиманга майда кумдук, алеврит жана ылай, кээде күйүүчү сланец, [[көмүр]], [[нефть]] пайда кылуучу орг.органикалык заттар топтолот. Материктен тузсуз суу аз куюп, аймактын климаты кургакчыл болгондуктан, лиманды шор басып, туз аралаш тунма баткак пайда болот; баткак дарылык касиетке ээ. Лиман көбүнчө Кара деңизге мүнөздүү. Ысык климаттык шартта боксит пайда кылуучу алюминий менен темирдин кычкылы топтолот; 2) КМШнын европалык бөлүгүнүн кургакчыл түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү оёң жерлердин жергиликтүү аталышы. Оёң жерлерге жазгысын суу толуп, тайыз көлдөр пайда болот; алар жайында соолуп, сазга же шалбаага айланат. '''Лимасол шаары''', Лемесос – Кипрдин түштүгүндөгү шаар. Лимасол округунун (епархия) административдик борбору. Жер Ортолук деңизиндеги Акротирион булуңунун жээгинде жайгашкан. Калкы 172,1 миң (2010; калкынын саны боюнча өлкөдө Никосиядан кийинки 2-шаар). Ири порт (жылына 4,4 млн т жүк ташылат). Шаардын эски бөлүгүндө Ыйык Екатерина (10-к.), иониттер (13-к.) соборлору, Кебир-Жами мечити (16-кылымдын аягы), түрк мончосу жана башкалар сакталган. Тамак-аш (эт, сүт, май), жеңил, парфюмерия-косметика жана фармацевтика өнөр жай ишканалары иштейт. Университеттер, кампустар, китепканалар, музейлер, сүрөт галереясы, театр бар. Эл аралык балет (2000-жылдан), шарап фестивалдары жана карнавалдар өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
[[Категория:География]]
[[Категория:Юридикалык аталгылар жана түшүнүктөр]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Лиман" булагынан алынды