Латындар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Латындар''' (лат. Latini) – Байыркы Италиянын индиевропа тегиндеги италик уруулары. Биздин заманга чейин 2-миң жылдыктын башында Апеннин жарым аралынын аймактарына лигурлар көчүп келип, Борбордук [[Италия]] аймактарын (Тибр жана Лирис (азыркы Лири) дарыясынын ортосу) ээлеп, Лаций (азыркы Лацио) аймагын мекендеген. 19–20- кылымдагы окумуштуулардын (Л. Пигорини, Италия; В. Гельбиг, Германия) пикири боюнча латындар – Альп тоолору аркылуу түндүктөн келген коло жана эрте темир археологиялык маданиятына таандык уруулар. Орус окумуштуусу В. И. Модестов латындардын ата-бабалары Террамар маданиятын түзгөн деп эсептесе, 20-кылымда италиялык окумуштуу М. Паллотино италиктер менен катар Адриатика аркылуу Италияга акырындап журт которгон чакан-чакан топтор болгон деп далилдеген. Ошондой эле Лациядагы Альбан дөбөлөрү, Лавиния жана башка аймактарда байыркы көрүстөндөр, археологиялык табылгалар латындардын дыйканчылык жана мал чарбачылык менен кесиптенип, уруу-уруу болуп жашаганын, алгачкы коомдук түзүлүштүн ыдыроо белгилери байкала баштаганын, алар жер-сууга, жаныбарларга сыйынып, магиялык үрп-адаттарды колдонушканын көрсөтөт. Биздин заманга чейин 6–5-кылымда латындардын түндүк тобу этрусктар менен бирге Римге каршы күрөшкөн. Латындар 2-Латын согушунан (биздин заманга чейин 340–338) кийин жоюлган.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
[[Категория:Дүйнө элдери]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Латындар" булагынан алынды