Лабрадор жарым аралы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Лабрадор (жарым арал)''' – Түндүк Американын ([[Канада]] ) түндүк- чыгышындагы жарым арал. Атлантика океаны, Ыйык Лаврентий булуңу, Гудзон кысыгы жана Гудзон булуңу менен чулганат. Аянты 1,6 млн км2ден ашык; дүйнөдө Араб жарым аралынан кийинки 2-чоң жарым арал. Жеринин бети дөңсөөлүү (Лаврентий дөңсөөсү), түндүк-чыгышын Торнгат тоосу (бийиктиги 1595 мге чейин, Серк чокусу), борбордук бөлүгүн бийиктиги 500–800 мге жеткен көлдүү плато ээлейт. Түндүк жана батыш жээктери негизинен жапыз, айрым жерлери шхерлүү (аскалуу майда аралдар), чыгышы бийик, фьорддуу. Тектоникалык жактан Канада калканынын бир бөлүгү. Темирдин ири кени бар. Климаты субарктикалык жана мелүүн; ага Түндүк Муз океандын (Гудзон булуңунун) жана Лабрадор муздак агымынын таасири зор. Январдын орточо температурасы түндүк-батышында –28ᵒСтан түштүк-чыгышында –12ᵒСка, июлдуку түндүгүндө 7ᵒСтан түштүгүндө 18ᵒСка чейин. Жылдык жаан-чачыны түндүгүндө 250 мм, түштүгүндө 1200 ммге чейин. Басымдуу бөлүгүндө көп жылдык тоң кыртышы таралган. Дарыялары босоголуу, кеме каттоого ыңгайсыз; эң ириси – Черчилл дарыясы. Көл жана саздар көп. Токойлуу тундра, сейрек токой (кара жана ак карагай, бальзам көк карагайы, кара карагай жана башка) өсүмдүктөрү басымдуу; түштүгүндө тайга токоюна жалбырагын күбүүчү дарак өсүмдүктөрү аралашат. Ири шаарлары: Шеффервилл, Сет-Иль (темир жол аркылуу туташат), Форт-Шимо, Лабрадор-Сити.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
[[Категория:География]]
[[Категория:Канада]]